Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:22

Казакстан: Беш жашар баланын айынан машине беш кишини коюп кетти


Окуянын видеосунан алынган сүрөт.
Окуянын видеосунан алынган сүрөт.

Казакстанда беш жашар баланын айынан жеңил машине беш кишини коюп, жарадар кылган окуянын чоо-жайы териштирилип жатканын бүгүн 28-майда «Азаттыктын» казак кызматы полициянын маалыматына таянып билдирди. Окуя Жезказган шаарында болгону кабарланды.

«Машиненин ичинде отурган беш жаштагы бала кол тормозун коё бергени аныкталды. Натыйжада машине турган жеринен жылып, адамдарды сүзгөн. Түрдүү жараат алган төрт киши ооруканага жаткырылды», — деп билдирди Улытау облустук полиция департаментинин басма сөз кызматы.

Окуянын видеосу социалдык түйүндөрдө тарады. Видео көзөмөл камерасынан алынган кыска тасмадан беш киши короодон көчөнү көздөй басып баратканда, ошол туштагы машине эңкейиштен жылып, аларды арт жагынан барып койгонун, машиненин ичинен кичине бала чуркап чыкканын көрүүгө болот.

Жергиликтүү саламаттык сактоо мекемеси: «Беш адам жаракат алган. Баары тирүү. Үч аял ички органдары жабыркап, амбулатордук дарыланууда. Бир эркек травматология бөлүмүнө жаткырылды, анын төрт кабыргасы сынган, ички органдарына доо кеткен», - деп билдирди.

Кырсык ресторандардын биринин короосунда болгон. Машиненин ичинде ошол учурда баладан башка кимдир бирөө болгонбу же жокпу, белгисиз. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG