Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:32

ЖАК Жээнбеков менен чогуу отурган адамдан кургак учук аныкталбаганын билдирди


Равшан Жээнбеков
Равшан Жээнбеков

Жаза аткаруу кызматы Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып турган сегиз адамдын 28-майдагы кайрылуусун комментарийледи.

Мекеменин басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлагандай, айыпталуучу Равшан Жээнбеков камерада чогуу отурган адам кургак учук менен ооруй турганын буга чейин сотто айткан, адвокаты жазуу түрүндө ЖАКтын жетекчилигине кайрылган.

"Буга байланыштуу ЖАКтын дарыгерлери тийиштүү чараларды көрүп, изилдөө иштерин жүргүзүштү. Алгачкы медициналык анализдер Жээнбековдун камералашында кургак учук жоктугун аныктады", - деп жазылган маалыматта.

Буга чейин Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып турган сегиз адам тез арада медициналык текшерүүдөн өткөрүүнү талап кылган кайрылууну саламаттык сактоо министрине, атайын прокурорго, укук коргоочуларга, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборго жана маалымат каражаттарына жолдошкон.

Алар №1 тергөө абагында эки адам кургак учукка чалдыгып, башкалардан обочолонгонун, алардын бири карантинге которулганга чейин абактагы саясатчы Равшан Жээнбеков менен чогуу бир камерада жатканын билдиришкен.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен сегиз киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар аны ачык өткөрүү талабын коюп келишет.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG