Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:07

Парламенттин үчүнчү комитети уран казууга жол ачкан мыйзамды биринчи окууда жактырды


Кызыл-Омпол кени. Архивдик сүрөт.
Кызыл-Омпол кени. Архивдик сүрөт.

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитети 28-майдагы жыйналышында Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берүү боюнча мыйзам долбоорун карап, колдоду.

Мында да жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев баяндама жасап, мыйзам кабыл алынса Кызыл-Омпол кени иштетилерин белгилеп, бул экономиканын өнүгүшүнө салым кошоорун айтты. Ал ага чейинки сөзүндө аталган кен “уран кени эмес титаномагнетит кени” экенин маалымдап, андагы кендин 0,002% гана уран экенин билдирди.

Документ 2019-жылы кабыл алынган “Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан ишке тыюу салуу жөнүндө” мыйзамын жокко чыгаруу максатын көздөйт.

Аталган мыйзам долбоорун ушул эле күнү парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети карап, жактырган. Документти Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети 27-майдагы отурумунда биринчи окууда колдогон. Бир күн мурун Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинде да каралып, кворум жоктугунан танапис жарыяланган.

Мыйзам долбоору 27-февралда коомдук талкууга коюлуп, парламентке 11-майда киргизилген. Министрлер кабинети Жогорку Кеңештен мыйзам долбоорун дароо үч окууда карап берүүнү өтүнгөн. Ал биринчи тармактык комитеттерден өтүп, андан кийин жалпы жыйынга чыгарылат.

Документтин маалымкат-негиздемесинде уранды жана торийди казып алууда заманбап технологиялар колдонулуп, ага мамлекет көзөмөл кылары, бул кен казып алуунун айлана-чөйрөгө терс таасирин азайтууга жардам берери жазылган.

Президент Садыр Жапаров 19-февралда Балыкчы шаарында Ысык-Көлдүн Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун тургундары менен жолугушуп, Кызыл-Омпол кенин мамлекет өзү иштетүүнү пландап жатканын айткан. Мамлекет башчы кен иштей баштаса, миңден ашуун жумушчу оруну түзүлөрүн билдирген.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров январь айында Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кызыл-Омпол кенинде баасы 300 млрд долларга чейин жеткен кен байлык бар экенин билдирген.

2019-жылдын жазында "Кыргызстандагы ЮрАзия" деп аталган компания бул кенди чалгындоо иштерин баштаган учурда Ысык-Көлдө жана Бишкекте нааразылык чыккан. Мындан кийин, ошол эле жылдын декабрында Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Натыйжада аталган компаниянын лицензиясы токтотулган.

Расмий маалыматка ылайык, Тоң районундагы Кызыл-Омпол тоо-кен участогу 1951-жылы ачылган. Ачык маалыматтарда, СССРдин убагындагы чалгындоо иштеринде анда жалпысынан 13 миң тонна уран бар экени такталган. Геологдордун айтымында, Кызыл-Омполдо уран, торий, цирконий, титан, фосфор, талаа шпаты жана башка заттардын кени бар. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG