Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:00

Адахан Мадумаровдун апелляциялык арызын кароо 3-июнга калды


Адахан Мадумаров
Адахан Мадумаров

Бишкек шаардык соту 28-майда саясатчы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаровдун апелляциялык арызын кароону 3-июнга калтырды. Буга иш боюнча дагы бир катышуучунун адвокаты менен сотко келбегени себеп болгонун Мадумаров журналисттерге билдирди.

26-мартта Биринчи Май райондук соту Адахан Мадумаровду коюлган айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес. Саясатчы чечим мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин абакта калган. Бул аралыкта анын адвокаттары райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна даттанган эмес. Жети ай тергөө абагында отургандан кийин мурдагы депутат 26-апрелде бошотулган.

Ал “Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 400-беренесинин 1-пунктунда соттун өкүмүнө апелляциялык даттануу камактагы адам өкүмдүн көчүрмөсүн алгандан кийин 30 күндөн кийин кайрылса болорун, ал өкүмдүн көчүрмөсүн 16-апрелде гана алганын” айткан. 15-майга чейин апелляциялык арыз бергенге убакыт бар экенин билдирген.

Майдын башында Биринчи Май райондук соту Адахан Мадумаровдун шаардык сотко жолдогон кайрылуусун “арыз берүүнүн мөөнөтү өтүп кеткен” деген негиз менен четке каккан. Саясатчынын адвокаттары буга каршы болуп, арыз берүүнүн мөөнөтүн калыбына келтирүү боюнча өтүнүч берген. Сот 22-майда аны канааттандырган.

Адахан Мадумаровго эки кылмыш иши козголуп, бир өндүрүшкө бириктирилген.

Биринчиси - Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган. Президент Садыр Жапаров буга чейинки маектеринде ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талашы жаралганын билдирген. Саясатчы ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин айтып келет.

Адахан Мадумаров “Азаттык” радиосуна берген интервьюсунда иш “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен тергелип, өкүм чыгардын алдында ал “Бийликтен аша чабуу” беренесине алмашканын билдирди. Саясатчынын соту жабык өткөндүктөн. буга чейин берене өзгөртүлгөнү тууралуу маалымат берилген эмес.

Экинчиси - Чыңгыз Абдымомунов аттуу жаран 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Бул факты боюнча “Алдамчылык” беренеси менен кине коюлган. Бул ишке байланыштуу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаевге да айып коюлган.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 26-апрелде соттун чечимин негиз кылып, Адахан Мадумаровду мандатынан ажыраткан. Саясатчы Боршайкомдун бул чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна арыз берген. 20-майда сот саясатчынын мандаты боюнча арызын четке какты. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG