Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:23

Грузия парламенти "чет элдик агент" мыйзамына вето маселесин кароодо, акциялар уланууда


Тбилиси. 2024-жылдын 28-майы.
Тбилиси. 2024-жылдын 28-майы.

Грузиянын парламенти бүгүн, 28-майда президент "чет элдик агент" мыйзамына вето койгон маселени карап жатат. "Азаттыктын" грузин кызматы билдиргендей, парламент имаратынын алдында аталган мыйзамга каршы жарандар топтолуп турушат.

Акцияга чыккандар колуна "Орусиянын мыйзамына жок!", "Кулдар" деген жазууларды кармап турушат. Ал жерде күч кызматкерлери да топтолууда.

Батыш жана АКШ грузин бийлигинин мындай демилгесин айыптоодо. 23-майда Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен демократияга коркунуч жаратуучу бул мыйзамды сунуштаган саясатчыларга жана алардын жакындарына визалык чектөө киргизүү жана эки өлкө ортосундагы мамилени карап чыгуу чечимин жарыялаган.

АКШ, Европа Биримдиги жана эл аралык укук коргоо уюмдары "чет элдик өкүл" мыйзамын Орусия президенти Владимир Путин эркин ойлонгон жарандарды жана көз каранды эмес институттарды басуу үчүн колдонуп жатат деп сындап, айыптаган. Дал ушул мыйзамдын көчүрмөсү делген, бийликтеги "Грузин кыялы" сунуштаган долбоор Грузияда 14-майда парламентте көпчүлүк добуш менен кабыл алынган.

Президент Саломе Зурабишвили парламент кабыл алган мыйзам долбооруна 18 майда вето койгон жана бул мыйзам Конституцияга, Европа стандарттарына карама-каршы келерин, Орусиядан көчүрүлгөндүктөн, артка кайтарылышы керектигин белгилеген.

Грузин парламентиндеги 150 орундун 84үн кремлчил олигарх Бидзина Иванишвили негиздеген "Грузин кыялы" партиясынын өкүлдөрү ээлеп турушат. Былтыр декабрда Тбилисиде Европаны жактаган он миңдеген адамдар жүрүшкө чыкканда, ага аталган партия катышкан эмес.

"Чет элдик агент" мыйзамына каршылыгын билдирген миңдеген жарандар нааразылык акцияларын 1,5 айдан бери улантып келе жатышат. Алардын айрымдары полиция менен кагылышуу болгондо кармалып, кийин коё берилген. Полиция демонстранттарга күч колдонгон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG