Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:13

Свердлов райондук милициясына Уланбек Аалиев жетекчи болду


Уланбек Аалиев
Уланбек Аалиев

Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына (РИИБ) Уланбек Аалиев жетекчи болуп дайындалды.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы маалыматты "Азаттыкка" ырастап, Улан Аалиев Жогорку Сот тарабынан акталганын, анын негизинде РИИБге жетекчи болуп дайындалганын билдирди.

"Дайындоо жөнүндө буйрук бирдей кызмат ордун берүү жөнүндө соттун чечимин аткарууга байланыштуу чыгарылды. Бишкек шаардык сотунун коллегиясынын чечими менен ал реабилитация укугу менен кылмыш курамынын жоктугу үчүн көрсөтүлгөн бардык беренелер боюнча акталган. Жогорку Соттун коллегиясы бул чечимди күчүндө калтырган", - деп маалымдады басма сөз кызматы.

Уланбек Аалиев 2021-жылы Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгын жетектеп турганда бир нече милиция кызматкери менен чогуу алдамчылыкка шек саналган Асыл Талипованын ишине байланыштуу кармалган. Башкы прокуратура алар “Талипованы кыйноого алган, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана пара талап кылган” деп айыпталганын билдирген.

2022-жылы 23-декабрда Биринчи Май райондук соту Уланбек Аалиевди Кылмыш-жаза кодексинин “Кыйноо”, “Опузалап пара алуу” жана “Пара алуу” деген беренелери боюнча “кылмыш курамы жок болгонуна байланыштуу” актап, ал эми “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” деген берене боюнча күнөлүү деп таап, 300 миң сом айып салган. Сот өкүмүнө макул болбогон Аалиев шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG