Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргызстанда мамлекеттик финансыны башкаруудагы натыйжалуу реформалар жана санариптештирүү, фискалдаштыруу, салыктык-бюджеттик жана бажы саясатындагы жаңы демилгелер, акционердик коомдорду, мамлекеттик ишканаларды капиталдаштыруулар мамлекеттин активдеринин өсүшүнө түрткү болгонун билдирди. Бул тууралуу ал Бишкекте Финансы министрлигинин 100 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференциясында айтты.
“Мамлекеттин активдери 2015-жылы 310 млрд сом, 2020-жылы 420 млрд сом болгон, же 5 жылда 1 жарым эсеге көбөйгөн. Ал эми азыр мамлекеттин активдери 824,2 млрд сомду түзөт, же 3 жылдын ичинде эки эсеге өстү. Мындай жетишкендиктерге саясий коррупциянын жоюлушу да себеп болду. Анын башкы “оорусу” – “Кумтөр” болчу. Кумтөрдөн алган дивиденддер – 1994-жылдан 2021-жылдын майына чейин 100 млн доллар болсо, эки жарым жылдын ичинде кенден 300 млн доллар пайда таптык. Кумтөрдөн салыктык жана башка милдеттүү төлөмдөрдөн түшкөн киреше 2,5 жылда 710,8 млн долларды түздү. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына карата биз ушундай үзүрлүү иштерибизге таянып, “Кыргыз Республикасынын финансы секторунда жаңы доор башталды” деп ишенимдүү жарыялайбыз”, – деди Акылбек Жапаров.
Министрлер кабинетинин төрагасы “акча-насыялык саясат жана салык-бюджеттик саясат туура жүрүп жаткандан улам мамлекеттин кирешеси да өсүп жатканын кошумчалады. Ал 2020-жылы консолидацияланган бюджеттин көлөмү 247,8 млрд сомду түзсө, 2023-жылы 577 млрд сомго чыкканын, 2024-жылы 670 млрд сомго чыгат деп болжолдонуп жатканын белгиледи.
Акылбек Жапаров Кыргызстандын өз сөзүндө мамлекеттик активдерине башка кайсы мүлктөр кирерин тактаган жок.
Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, мамлекет ээлик кылган кыймыдуу-кыймылсыз мүлктөр, өкмөттүк ишканалар жана компаниялар, баалуу кагаздар, акциялар жана башка нерселер мамлекеттик актив деп саналат.
Кыргыз өкмөтү 2021-жылдын май айында канадалык “Центерра Голд” компаниясы иштеткен Кумтөр кенин башкарууну өз колуна алып, узак талаш-тартыштан кийин – 2022-жылдын апрелинде аны толук өткөрүп алган.
Кенде 2021-жылы 14,6 тонна алтын алынган. Мунун 4-5 тоннасын кенге ага чейин ээлик кылган канадалык “Центерра Голд” компаниясы чыгарып кетсе, 10 тоннасы Кыргызстандын өзүндө калган. Кыргыз бийлиги мындан 323 миллион доллар киреше тапканын маалымдаган. Натыйжада мамлекетке 13,6 миллиард сом салык төгүлгөн.
2022-жылы 17,3 тонна алтын өндүрүлүп, план 200 килограммга ашыкча аткарылган. Компания мындан 986,5 миллион доллар киреше тапкан. Натыйжада ишкана мамлекетке 32,1 млрд. сом салык жана милдеттүү төлөмдөрдү төккөн.
“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому 2023-жылы Кумтөр кенинен 13 тонна 567 килограмм алтын өндүргөнүн мурдараак кабарлаган. Анда компаниянын жалпы кирешеси 848 млн доллар болсо, таза кирешеси 302,5 млн долларды түзгөн.
Ишкана былтыркы жылы жалпы 14 тонна алтын өндүрүү планын койгон. Планга жетпей калган себебин ишкана “казылган рудада алтындын көлөмү аз чыгып калганы менен” түшүндүргөн. (ErN)