Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:48

Раисинин өлүмүнөн кийин пикир жазгандарга, маалымат бөлүшкөндөргө көзөмөл күчөдү


Фабрика ээси Али Рейхани "системага каршы үгүттөдү жана Эбрахим Раисиге акаарат келтирди" деп айыпталууда.
Фабрика ээси Али Рейхани "системага каршы үгүттөдү жана Эбрахим Раисиге акаарат келтирди" деп айыпталууда.

Укук коргоочулар Иранда бийлик президенттин өлүмүнөн кийин социалдык түйүндөргө ким кандай маалымат жарыялап, бөлүшүп жатканына көзөмөлүн күчөткөнүн билдирүүдө.

Ирандагы саясий режимге сын айткан, каршылыгын билдирген миңдеген саясий туткунду 1980-жылдардын соңунда өлүм жазасына тарткан «аткаруу комитетинде» прокурор болуп иштегени үчүн айыпталган Эбрахим Раиси, тышкы иштер министри Хосейн Абдоллахиян жана башка бир нече киши бараткан тик учак 19-майда Ирандын Азербайжан менен чек арасында кырсыкка учурап, каза болгону расмий кабарланган.

Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары арасында Раисинин өлүмүн кубаттаган пикир айткандар да болгон.

Укук коргоочулардын маалымдашынча, Али Рейхани Кайвар аттуу ирандык тургун президенттин өлүмү тууралуу социалдык түйүн аркылуу онлайн жарыялаганы үчүн «системага каршы үгүт жүргүздү жана Раисиге акаарат келтирди» деп айыпталууда. Дагы бир жергиликтүү тургун Акбар Юсефини полиция комментарийи үчүн кармап кеткени, аны жана башка бир нече кишини бийлик «жалган маалымат тараткан жана ыйык маркумдарга акаарат келтирген» деп айыптоодо. Кармалгандар арасында 2022-жылдагы жапырт башаламандыкка катышкандар да бар.

Керман провинциясынын Соттук маалымат борбору 254 кишиге «акаарат келтирген» контент жарыялаганы үчүн телефон аркылуу эскертүү берилгенин, сегиз киши сотко чакырылганын билдирди.

20-майда биринчи вице-президент Мохаммад Мохбер президенттин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Президенттик шайлоо 28-июнга белгиленген.

2022-жылы Тегеранда адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен 22 жаштагы студент кыз Махса Амини абакта каза болгон. Полиция ал жүрөгү кармап көз жумганын маалымдаган, бирок күбөлөр полиция аны катуу сабаганын айтып беришкен.

Амининин абактагы өлүмүнөн кийин өлкөнүн бир нече аймагында нааразылык акциялары башталган, жүздөгөн кишилер кармалып, кеминде 200дөй адам өлүм жазасына тартылган.

«Ирандагы адам укуктары боюнча борбор» (CHRI) уюмунун маалыматына караганда, 2023-жылы Иранда 700 адам дарга асылган.

64 жаш курагында каза болгон Раиси Иранды 2021-жылдын август айынан бери башкарды. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG