Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:25

Парламенттин дагы бир комитети уран казууга жол ачкан мыйзамды биринчи окууда колдоду


Жогорку Кеңештин имараты.
Жогорку Кеңештин имараты.

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети 28-майдагы отурумунда Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берүү боюнча мыйзам долбоорун карады.

Документ 2019-жылы кабыл алынган “Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан ишке тыюу салуу жөнүндө” мыйзамын жокко чыгаруу максатын көздөйт.

Мыйзам долбоору тууралуу баяндама жасаган жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев документ кабыл алынса, Кызыл-Омпол кени иштетилерин белгилеп, бул экономиканын өнүгүшүнө салым кошорун айтты. Ал аталган кен “уран кени эмес, титаномагнетит кени” экенин маалымдап, андагы кендин 0,002% гана уран экенин билдирди.

Депутаттардын суроолоруна мамлекеттик башка органдардын өкүлдөрү, адистер жана башка эксперттер да жооп берди. Соңунда мыйзам долбоору биринчи окууда добушка коюлуп, бир добуштан кабыл алынды.

Аталган мыйзам долбоорун парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети 27-майдагы отурумунда биринчи окууда жактырган. Ошол эле күнү аны Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинде да каралып, кворум жоктугунан жыйынга танапис жарыяланды. Бул комитеттин кийинки отуруму 29-майда өтөрү кабарланды.

Мыйзам долбоору 27-февралда коомдук талкууга коюлуп, парламентке 11-майда киргизилген. Министрлер кабинети Жогорку Кеңештен мыйзам долбоорун дароо үч окууда карап берүүнү өтүнгөн. Ал биринчи тармактык комитеттерден өтүп, андан кийин жалпы жыйынга чыгарылат.

Документтин маалымкат-негиздемесинде уранды жана торийди казып алууда заманбап технологиялар колдонулуп, ага мамлекет көзөмөл кылары, бул кен казып алуунун айлана-чөйрөгө терс таасирин азайтууга жардам берери жазылган.

Президент Садыр Жапаров 19-февралда Балыкчы шаарында Ысык-Көлдүн Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун тургундары менен жолугушканда Кызыл-Омпол кенин мамлекет өзү иштетүүнү пландап жатканын айткан. Мамлекет башчы кен иштей баштаса, миңден ашуун жумушчу оруну түзүлөрүн билдирген.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров январь айында Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кызыл-Омпол кенинде баасы 300 млрд долларга чейин жеткен кен байлык бар экенин билдирген.

2019-жылы жазында "Кыргызстандагы ЮрАзия" деп аталган компания бул кенди чалгындоо иштерин баштаган учурда Ысык-Көлдө жана Бишкекте нааразылык чыккан. Мындан кийин, ошол эле жылы декабрда Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Натыйжада аталган компаниянын лицензиясы токтотулган.

Расмий маалыматка ылайык, Тоң районундагы Кызыл-Омпол тоо-кен участогу 1951-жылы ачылган. Ачык маалыматтарда белгиленгендей, СССРдин убагындагы чалгындоо иштеринде анда жалпысынан 13 миң тонна уран бар экени такталган. Геологдор Кызыл-Омполдо уран, торий, цирконий, титан, фосфор, талаа шпаты жана башка заттардын кени бар экенин айтышууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG