Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:04

Испания, Ирландия жана Норвегия Палестина мамлекетин тааныды


Швецияда газалыктарды колдоп митингге чыккандар.
Швецияда газалыктарды колдоп митингге чыккандар.

Испания, Ирландия жана Норвегия бүгүн 28-майдан тартып Палестинаны мамлекет катары расмий түрдө тааный башташат. Бул тууралуу үч өлкө 22-майда билдирүү таратып, демилгеси башка өлкөлөрдү да ушундай кадамга шыктандырып, символикалык таасирин бере аларына үмүттөнөрүн айтышкан.

Израил муну Газада сегиз айдан бери согушуп келаткан ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) тобуна жасалган «белек» деп сындаган.

Норвегия менен Испаниянын Палестинаны көз каранды эмес мамлекет катары тааныган чечими 28-майда күчүнө киргенин Ослодогу Тышкы иштер министрлиги тастыктады. Эки күн мурда Норвегиянын башкы дипломаты Эспен Барт Эйде чечимди тастыктаган документти Брюсселде өткөн жолугушууда Палестин автономиясынын премьер-министри Мухаммед Мустафага тапшырган. Эйде башка өлкөлөр да бул чечимди кубаттап, улантса Жакынкы Чыгышта «тынчтыкты жөнгө салууга чоң импульс бере аларына» үмүттөнөрүн айтты.

Испания өкмөтүнүн төрагасы Педро Санчес өлкөсү 1967-жылдагы чек ара тилкеси алкагындагы, борбор калаасы Чыгыш Иерусалимдеги Палестина мамлекетин тааный турганын 28-майда билдирди. Бул чечим «кимдир бирөөгө каршы багытталбаганын», Испания Израилдин досу экенин жана аны менен эң жакшы мамилесин уланта берүү ниети бардыгын айтты.

Ирландия да өз чечимин расмий түрдө 28-майда жарыялай турганын билдирген.

Үч өлкө өз чечимин 22-майда жарыялаганда Норвегиянын өкмөт башчысы Йонас Гар Стере Палестина "мамлекет катары таанылбаса Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу мүмкүн болбой турганын" билдирген.

Учурда Европа мамлекеттеринин арасынан Палестинанын көз каранды эместигин Болгария, Венгрия, Кипр, Мальта, Польша, Румыния, Швеция, Словакия жана Чехия тааныйт.

Жалпысынан БУУга мүчө 193 мамлекеттин 143ү Палестинаны өз алдынча мамлекет деп эсептейт. Арасында Кыргызстан да бар. Бишкек Палестинаны мамлекет катары 1995-жылы тааныган. Буга чейин АКШ президенти Жо Байден да палестин мамлекетин түзүү сунушун колдогон. "Эки мамлекетти түзүү - палестин жана израил калктарынын коопсуздугун узак мөөнөткө камсыздоонун жалгыз жолу экени айдан ачык",-деп билдирген ал.

2012-жылдан бери Палестина БУУда байкоочу мамлекет макамына ээ. Быйыл 10-майда уюмдун Башкы ассамблеясы Палестинанын укуктарын кеңейтүү тууралуу добуш берген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG