Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:26

Украинанын эки облусу чабуулга кабылды, Бельгияда коопсуздук келишими түзүлдү


Украина. Архивдик сүрөт.
Украина. Архивдик сүрөт.

28-майга караган түнү Орусиянын чабуулдарынан Харьков жана Херсон облустарында адамдар жабыркап, үй, мекеме имараттары талкаланганын жергиликтүү бийлик башчылары билдиришти.

Харьков облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубовдун айтымында, орус аскерлеринин соккусунан 70 жаштагы жергиликтүү тургун жараат алып, ооруканага түштү. "Жаңы Почта" мекемесинин имаратында өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызмат Боровая айылында үйлөр талкаланганын, жалпысынан үч жерде өрт чыкканын, 500 чарчы метр аянт күйгөнүн билдирди.

Соңку кезде Орусия Харьковго чабуулдарын күчөттү. Кечээ бул аймакта Аза күтүү күнү болду. Курулуш материалдары сатылган дүкөнгө жасалган соккудан кеминде 18 адамдын өмүрү кыйылып, ондогон киши жараат алган. Харьковдун мэри Игорь Терехов бул чабуулду “кадимки терроризм” деп атады.

Херсон облусунун Львово, Антоновка, Михайловка, Новоалександровка, Станислав, Днепровское, Белозерка, Камышаны кыштактары жана Херсон шаары Орусиянын чабуулуна кабылганын, үйлөр, окуу жай имараты, суу түтүктөрү, машиналар талкаланганын 28-майдын таңында Херсон облустук аскердик администрациясынын башчысы Александр Прокудин жазды.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 28-майга караган түнү Орусия Запорожье, Днепропетров жана Черкасск облустарына үч согуштук дрон учурганын, баары атып түшүрүлгөнүн маалымдады.

Ал эми фронтто соңку суткада 97 жолу кагылышуу болгону, Покровск, Купянск, Харьков жана Времив багыттарында абал курч экени кабарланды.

Өлкө президенти Владимир Зеленский бүгүн 28-майда иш сапар менен Бельгияга барып, бул өлкөнүн жетекчилиги менен коопсуздук жаатындагы кызматташтык тууралуу сүйлөшүү жүргүзүп, тийиштүү келишимге кол койду. Ошондой эле ал украин учкучтары F-16 истребителин башкарууну үйрөнүп жаткан аскердик базага барат. Келишим 10 жылдык мөөнөттү камтыйт. Анда Украинага 1,06 миллиард долларлык аскердик жардам да каралган.

27-майда коопсуздук кызматташтыгы тууралуу ушундай эле келишим Испанияда кабыл алынган. Зеленский бул өлкөгө бир күндүк иш сапар менен барып, премьер-министри Педро Санчес менен жолугушкан. Испания быйыл Украинага 1,08 миллиард долларлык жардам берерин убада кылды.

Зеленскийде Европа Биримдигинин Орусия менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн уюштуруу боюнча планына карата оптимизми жок экенин 27-майда Bloomberg агенттиги жазды. Агенттиктин маалыматына караганда, Евробиримдик быйыл Орусиянын катышуусу менен Сауд Арабиясында сүйлөшүү уюштурууну көздөп жатат. Украин президенти орус бийлиги менен 200дөй сүйлөшүү болгонун, алардын көбү Орусия кол салган 2022-жылдын 24-февралына утурлай өткөнүн билдирди. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG