Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:59

Кемпир-Абад иши: Абактагы сегиз киши медициналык кароодон өткөрүүнү талап кылды


Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандар. Сүрөттөгүлөрдүн айрымдары үй камагына чыгарылган.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандар. Сүрөттөгүлөрдүн айрымдары үй камагына чыгарылган.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып турган сегиз адам тез арада медициналык текшерүүдөн өткөрүүнү талап кылышууда. Алар мындай талап менен 28-майда саламаттык сактоо министрине, атайын прокурорго, укук коргоочуларга, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборго жана маалымат каражаттарына кайрылышты.

Кайрылууда алар ушул тапта №1 тергөө абагында эки адам кургак учукка чалдыгып, башкалардан обочолонгонун белгилешкен. Ошондой эле оорулуу адамдын бири карантинге которулганга чейин абактагы саясатчы Равшан Жээнбеков менен чогуу бир камерада жатканын жазышкан.

"Туберкулёз (кургак учук) - жугуштуу оору. Бүгүн, 28-майда, биз камактагы кемпирабадчылар, ооруп карантинде жаткан адам менен чогуу болгон Равшан Жээнбековду жана аны менен бир автоунаада, бир сот залында отурган бизди тез аранын ичинде медициналык текшерүүдөн өткөрүп, кургак учук менен ооруп калуу тобокелдигин жокко чыгарууну талап кылдык", - деп жазылган кайрылууда.

Анда тергөө абагынын жетекчилиги медициналык текшерүүдөн өткөрүүдөн баш тартып, сотко мажбурлап алып келишкени айтылган.


Кайрылууга абактагы сегиз кишинин баары кол коюшкан. Жаза аткаруу кызматы азырынча комментарий бере элек.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен сегиз киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар аны ачык өткөрүү талабын коюп келишет. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG