Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:12

Израил Рафахка чабуулун улантты, Нетаньяху 27-майдагы соккуну "кайгылуу ката" деп атады


Рафах. 2024-жылдын 27-майы.
Рафах. 2024-жылдын 27-майы.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Газанын түштүгүндөгү Рафах шаарындагы качкындар лагерине урулган, ондогон палестиндин өмүрүн алган соңку соккуну «кайгылуу ката» деп атады. Бирок ал «бардык максаттар ишке ашырылмайынча» согушту уланта берерин убада кылды. Бул тууралуу Нетаньяху өлкө парламентинде сүйлөп жатып айтты.

27-майга караган түнү, Газанын ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук топ деп жарыяланган) көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемесинин маалыматына караганда, Израил армиясынын соккусунан Рафахта кеминде 45 кишинин өмүрү кыйылды, жүздөгөн киши жараат алды.

Нетаньяху катачылык эмнеден кеткенин тактап айткан жок. Алгач израилдик аскерлер ХАМАСтын турумуна авиа чабуул жасалганын, бул топтун жетекчилеринин экөө өлтүрүлгөнүн жарыялаган. Сокку урулган жерде өрт чыгып, окуянын чоо-жайы айтыла баштагандан кийин Израил жайкын тургундардын өлүмүнүн себебин иликтей баштаганын билдирген.

Бул сокку эл аралык коомчулуктун, гуманитардык уюмдардын, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) жана Европа Биримдигинин (ЕБ) Израилдин дарегине айыптоосун жаратты. Евробиримдиктин башкы дипломаты Жозеп Боррел Израил БУУ сотунун Рафахка чабуулду токтотууну милдеттендирген чечимин урматтоого чакырды.

AFP агенттиги билдиргендей, БУУнун Коопсуздук Кеңеши бүгүн 28-майда чукул жыйынга чогулмай болууда.

Израил 28-майда да Рафахка авиа сокку урганын, танктар да колдонулганын, дагы 16 киши каза болгонун Reuters билдирди.

Газадагы атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдө ортомчулук кылып келе жаткан Катар Рафахка жасалган бул чабуул ансыз да ХАМАС израилдик аскерлердин тез арада Газадан чыгып кетишин талап кылып, Израил ал талапты ачыктан-ачык четке кагып жаткан шартта туңгуюкка кептелип турган диалогду татаалдатышы ыктымал экенин эскертти.

БУУнун Гаагадагы Эл аралык соту 24-майда чыгарган токтомуна ылайык, Израил Газа тилкесиндеги Рафах шаарына чабуулун дароо токтотушу зарыл. Сот өз чечимин жайкын тургундарды коргоо чаралары жетиштүү түрдө көрүлбөй жатканы менен негиздеди. Түштүк Африканын өтүнүчү менен каралган чечимди 15 судьянын 13ү колдоп, экөө каршы добуш берди.

Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну, коргоо министри Йоав Галантты жана ошондой эле ХАМАС тобунун саясий лидери Исмаил Ханияны, топтун аскердик бөлүгүнүн командачысы Мухаммад Дейфти жана Газа секторундагы бөлүгүнүн башчысы Яхья Синварды камакка алууга ордер берүү маселесин карай турганы соттун расмий сайтындагы 20-майдагы маалыматта айтылган.

Газанын 2,3 миллионго жакын калкынын көбү Израилдин чабуулдарынан баш калкалап, сектордун улам бир аймагына барып жашынып жашоого мажбур болууда. Израилдин бул сектордогу аскердик операциясына 2023-жылдын 7-октябрындагы окуя түрткү болгон. Бул күнү куралчан адамдар тобу 1200дөй кишини өлтүрүп, 250 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын бир бөлүгү бошотулган, айрымдары каза болгону кабарланган.

Израил бул үчүн ХАМАСты айыптап, негизги максаты аны жок кылуу экенин билдирүүдө. Газа секторун ХАМАС көзөмөлдөйт.

Газада ХАМАС менен Израил армиясынын согушунун кесепетинен дээрлик сегиз айдан бери бул сектордо жашаган палестиндердин 35 миңден ашууну каза болгонун анклавдын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө. Бул сан күмөн жаратпай турганын БУУ да маалымдаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG