Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:17

Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт


29-майда түнкүсүн Ош, Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат.

Күндүз Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда карга айланат.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 19…24;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 23…28;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 13…18;

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 14…19 градус жылыйт.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жок, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 21…23° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG