Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:14

Бишкекте шектүүлөргө электрондук билерик колдонула баштады


Шектүүгө электрондук билерикти тагуу учуру.
Шектүүгө электрондук билерикти тагуу учуру.

Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаменти Ички иштер министрлиги менен биргеликте жаңы бөгөт коюу чарасы катары “Электрондук байкоо” пилоттук долбоорун ишке киргизди.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, электрондук билерикти биринчи жолу Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүлөрү кылмышка шектүүгө колдонду.

Электрондук билерик анча оор эмес кылмыштарга шек саналгандарга колдонулат. Эгерде сот адамды актаса мыйзамсыз кармоонун кесепеттери, убактылуу кармоочу жайлардын түйшүгү азая турганы айтылган.

Юстиция министрлиги электрондук билериктер үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүдө натыйжалуу болорун кабарлаган. Мындай билерик тагылган адамдын кайда жүргөнү аныкталып, кайсы бир аймактарга баруусун чектейт.

Юстиция министри Аяз Баетов буга чейин ар бир билериктин баасы миң долларга жакын болорун, мамлекет миңдеген шектүүнү абакта бир нече айлап кармоого ансыз да көп акча коротуп жатканын айткан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG