Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:05

AP: Папуа–Жаңы Гвинея эки миңдей киши көчкү алдында калганын билдирди


Папуа–Жаңы Гвинеянын Ямбали кыштагы.
Папуа–Жаңы Гвинеянын Ямбали кыштагы.

Папуа–Жаңы Гвинеянын Ямбали кыштагында «2 миңден ашуун адам көчкү алдында тирүүлөй көмүлгөнүн» Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) жолдогон катында өлкөнүн расмий өкүлү билдирди. Бул тууралуу бүгүн 27-майда каттын мазмуну менен таанышып чыккан Associated Press маалымат агенттини кабарлады жана бул сан эмнеге негизделип жазылганы түшүнүксүз экенин белгиледи.

Кырсык болгондон бери анын масштабы боюнча түрдүү маалымат айтылууда. Алгач 300дөн ашуун киши каза болгону, 60тай үй талкаланганы маалымдалган.

Андан көп өтпөй БУУ каза болгондор 670 адам экенин, 150 үй талкаланганын жергиликтүү бийликтин маалыматына таянып билдирген.

Post-Courier улуттук гезити 1182 үй көчкү астында калганын жазган.

"Биз өкмөттүн божомолу боюнча каршы эч нерсе айта албайбыз, бирок аларга комментарий да бере албайбыз", - деди БУУнун Папуа–Жаңы Гвинеядагы мигранттар боюнча миссиясынын башчысы Серхан Актопрак.

Азырынча көчкү алдынан алты адамдын сөөгүн алып чыгышканы белгилүү.

Өлкө расмий түрдө эл аралык жардам сурады.

Папуа–Жаңы Гвинея Тынч океандын түштүк-батышында, Австралиянын жанында жайгашкан калкы алты миллионго жакын өлкө.

Калкы төрт миңдей Ямбали кыштагында кырсык 25-майда болгон. Анын масштабын так аныктап айтуу азырынча оор болуп жатканы белгиленүүдө. Анткени кыштак шаардан алыс жайгашкан, ал жакта байланыш жок жана уруу аралык согуштар тынбай жүрүп тургандыктан эл аралык миссиялардын жетиши да оңой эмес, аларга куралчан коштоо зарыл. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG