Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:14

Интеллектуалдык менчик укугун бузгандарга айыптын көлөмүн көбөйтүү сунушталууда


"Кыргыпатент" тараткан сүрөт. 27-май, 2024.
"Кыргыпатент" тараткан сүрөт. 27-май, 2024.

27-майда Бишкекте Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин арасында интеллектуалдык менчиктин укуктарын коргоо жана контрафакт менен күрөшүү боюнча семинар өттү. Ага Армения, Казакстан жана Орусиядан адистер катышты.

Анда Кыргызстанда интеллектуалдык менчик укугун бузуп, брендди уруксатсыз пайдалангандарга жазалар күчөтүү сунушталып жатканы белгилүү болду. Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралып, экинчи окуудан өткөнүн билдирди.

Мекеменин интеллектуалдык менчик укуктарын ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Анарбек Исмаиловдун айтымында, долбоордо брендди мыйзамсыз пайдалануу үчүн айыппулду 100 миң сомдон 1,5 миллион сомго чейин көтөрүү каралган.

“Кыргызпатенттин” жыйындагы маалыматы боюнча 2022-2023-жылдары интеллектуалдык менчикке болгон укуктарды бузуу боюнча 39 арыз келип түшкөн. Алардын негизинде 13 токтом чыгарылып, 117 миң 500 сомдук айып салынган.

Буга чейин 50гө жакын кино ишмер милицияга кайрылып, жаңы тартылган тасмаларды пираттык жол менен таратып жаткандарга чара көрүүнү суранган. Алар Кыргызстанда соңку кезде жаңы тартылган тасмалардын дээрлик бардыгы пираттык жол менен тарап жатканын айтып чыгышкан.

Милиция киночулардын арызы каралып, тергөө жүрүп жатканын ырастаган. "Кыргызпатент" ишканасы дагы автордук укукту коргоо ишине көмөктөшө турганын белгилеген.

Буга чейин обончу, акын жана жазуучулардан турган 50дөн ашык өнөрпоз автордук укугун коргоону талап кылып чыгышкан. Алар “Кыргызпатент” мекемесин ырдын сөзүнө, обонуна калем акы өндүрүүнү тыкыр көзөмөлгө алууга чакырышкан.

2014-жылы автордук укукту коргоо максатында мыйзамга өзгөртүү киргизилип, чыгарманы уурдагандарга айыппул 10 эсе көбөйтүлгөн. Мурда 2 миң сом айып төлөнсө, азыр анын көлөмү 20 миң сомду түзөт.

"Кыргызпатент" учурда автордук укукту бузуу ири зыян келтирбесе (50 000 сомдон ашпаса) же зыяндын көлөмү 100 миң сомдон ашпаса, Укук бузуулар жөнүндө кодекстин негизинде жеке жактарга 5500 сом, юридикалык жактарга 17000 өлчөмүндө айып пул салынарын билдирди.

Эгерде укук бузуу ири зыян келтирсе (50 000 сомдон ашса) же өзгөчө ири зыян 100 миң сомдон ашса, 20 миң сомдон 50 миң сомго чейин айып салынат. (MZh/TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG