Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:00

Литвада президенттик шайлоодо азыркы башчы Гитанас Науседа жеңди


Гитанас Науседа.
Гитанас Науседа.

Литвада президенттик шайлоонун экинчи турунда азыркы президент Гитанас Науседа утканын 27-майга караган түнү өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ал добуштардын 74,43% алды, ал эми негизги атаандашы болгон премьер-министр Ингрида Шимонитеге добуштардын 24% тийип, ал жеңилгенин моюнуна алды.

60 жаштагы Гитанас Науседа Литванын бүгүнкүдөй тышкы саясий багыты өзгөрүүсүз каларын убада кылып, өлкө Евробиримдик жана НАТО менен кызматташтыктан азыркыдан да көбүрөөк пайда көрөрүнө үмүтүн билдирди.

Литвада президенттин ыйгарым укуктары тышкы жана коопсуздук саясатына жооптуу.

Науседанын шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүнүн башкы темасы Орусиянын Украинага каршы ачкан согушу жана анын Литванын улуттук коопсуздугу үчүн кесепети болду. Ал да, Шимоните да Украинаны колдогон саясатчылар.

«Владимир Путин кандайдыр бир тынчтык сүйлөшүүлөрүнө даяр деген иллюзияга батпайлы. Аны токтотуунун Украинага натыйжалуу колдоо көрсөтүүдөн башка жолу жок, эң негизгиси муну тез арада жасоо зарыл», - деди ал.

Науседа буга чейинки шайлоого салыштырганда азыр ишенимдүүрөөк абалда экенин айткан. Шимоните шайлоого катышуунун негизги максаты экинчи айлампага чыгуу болгонун билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG