Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:18

27-май: Сооронбай Жээнбековдун макамы, ​​​​​​​Арменияда акцияда 226 киши кармалды


Cооронбай Жээнбеков (солдо) Ала-Арча резиденциясында парламент жыйынынан чыгып баратат, 16-октябрь, 2020-жыл
Cооронбай Жээнбеков (солдо) Ала-Арча резиденциясында парламент жыйынынан чыгып баратат, 16-октябрь, 2020-жыл

27-майда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Бишкек: Свердлов райондук милициясынын башчысы, жалпы 10 кызматкер иштен алынды

Бишкектин Свердлов райондук милициясынын башчысы Жеңишбек Абитов баш болгон 10 кызматкери баш калаада болгон 13-майдагы жана 18-майдагы окуяларга байланыштуу кызматынан алынганын Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди. Мекеменин маалыматында «бардыгы болуп 20 кызматкер тартип жазасына тартылганы" айтылат. Абитов Жалал-Абад облустук милиция башчысы кызматынан бошотулуп, Свердлов райондук милициясына башчы болуп апрель айынын башында дайындалган.

Депутат Акылбек Түмөнбаев экс-президент Жээнбековдун макамын алуу боюнча кол топтоо аяктап калганын айтты

Жогорку Кеңештин депутаты, “Элдик” депутаттар тобунун төрагасы Акылбек Түмөнбаев Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу боюнча депутаттардан кол топтоо аяктап калганын билдирди. Депутат Түмөнбаев Жогорку Кеңештин 28-февралдагы жалпы жыйынында Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу демилгесин көтөрүп, депутаттык комиссия түзүү сунушун берген.

Жогорку Кенеш: Бюджет комитети уран казууга жол ачкан мыйзамды биринчи окууда колдоду

Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берүү боюнча мыйзам долбоорун карады. Мыйзам долбоору биринчи окууда добушка коюлуп, кабыл алынды. Жыйынга катышкан 10 депутаттын 9у “макул” болуп, бир эл өкүлү – Дастан Бекешев “каршы” добуш берди.

Сүттүн баасына 40 сомдук чек койгон токтомду аткаруунун мөөнөтү узартылды

Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин мүчөлөрү өкмөт парламенттин “Сүттүн сатып алуу баасын жөнгө салуу жөнүндө” токтомун аткарбаганын сындап, аны жүзөгө ашыруунун мөөнөтүн узартты. Тиешелүү чечим комитеттин 27-майдагы отурумунда кабыл алынды. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев “токтомду аткарууга бир жыл убакыт берилсе деле ал мүмкүн эмес экенин, бул рынокко кийлигишүү” деп айтты.

Кыргызстандын жогорку окуу жайларында чет өлкөлүк 58 миң 600 студент бар

Чет элдик студенттердин көбү Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн жарандары экенин Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу билдирди. Ушул эле жыйында тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Пакистандан 12 миң 978 жаран келгенин, алардын 6 миң 432си студент, калгандары жумушка уруксат алганын маалымдады.

Гүлнара-Клара Самат Орусиядагы жана Армениядагы элчи кызматынан бошотулду

Гүлнара-Клара Самат бул кызматка 2021-жылдын февралында дайындалган. Ортодо элчинин ишине байланыштуу маселе бир нече жолу көтөрүлүп, Жогорку Кеңеште анын кызмат ордун кароо сунушу айтылган. Мындан кийин Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдөгү элчилерге, айрыкча Гүлнара-Клара Саматка диаспоралар менен иштөөнү күчөтүүнү тапшырган. Клара Кабилова 2007-жылы БШКнын төрайымы болуп иштеген. Ал кызматта турганда мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим кысым кылганын жарыялап, өлкөдөн чыгып кетип, Орусияда жашап жүргөн. Кийин ысымын өзгөртүп, Гүлнара-Клара Самат болгон.

AP: Газада Израилдин чабуулдарынан дагы 81 киши каза болду

Газада соңку суткада Израилдин чабуулдарынан кеминде 81 киши набыт болгонун, дагы 223 киши жараат алганын, көбү аялдар жана балдар экенин тилкенин ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган топ) көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемесине шилтеме жасап, The Associated Press (AP) агенттиги билдирди. Набыт болгондордун кеминде 35и дүйшөмбүгө караган түнү Рафах шаарына урулган соккудан мүрт кеткени айтылды.

Арменияда өкмөткө каршы акциянын кеминде 226 катышуучусу кармалды

Арменияда Азербайжан менен чек ара маселеси боюнча талаптар айтылган акциялар бүгүн 27-майда да уланып, соңку маалымат боюнча, жалпысынан 226 демонстрант кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигине шилтеме жасап, News.am агенттиги билдирди. Полиция бөлүмдөрүндө орун калбай калганы кабарланды. Арменияда премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетүүсүн талап кылган акциялар 9-майда башталган.

Грузия: Парламент комитети "чет элдик агент" мыйзамына коюлган ветого каршы чечим кабыл алды

Грузияда парламенттин юридикалык маселелер боюнча комитети президент Саломе Зурабишвилинин «чет элдик агент» мыйзамына каршы ветосун колдогон жок. 27-майда комитет президенттин ветосун ашып өтүү тууралуу чечим кабыл алды. Мамлекет башчынын парламенттеги катчысы Георгий Мсхиладзе мыйзам долбоору "дискриминациялык мүнөздө" экенин, анын кабыл алынышы Грузиянын Конституциясынын жарандардын тынч жыйындарга эркин чогулуу, тең укукта жашоо деген сыяктуу жалпысынан төрт беренесине каршы келерин айтып, ал бейөкмөт уюмдарды жана сөз эркиндигин да чектей турганын белгиледи. Үч сааттык талкуудан кийин комитет президенттин ветосун ашып өтүү зарыл деген бүтүмгө келди. Эми вето маселеси парламенттин жалпы жыйынында 28-майда каралат.

Тасмасы Канн фестивалында сыйлыкка татыган ирандык режиссер "аралаш сезимде" экенин айтты

Ирандык кинорежиссер, чет жакта бозгунда жашап жаткан Мохаммад Расулоф Канн кинофестивалына катышуудан кийин «аралаш сезимдер» ээлеп турганын «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна курган маегинде билдирди. Анын «Ыйык анжир үрөнү» көркөм тасмасы кинофестивалда 25-майда көрсөтүлүп, 12 мүнөттүк кол чабуу менен коштолду. Фильм калыстар тобунун “жол берилгис адилетсиздикке көңүл бурдуруу” деген атайын сыйлыгын алды. 51 жаштагы Расулоф жети жылдык чектөөдөн кийин коопсуздугуна коркунуч жаралгандыктан мекенинен жашыруун чыгып кетүүгө мажбур болгонун билдирген.

"Азаттыктын" бул жана башка жаңылыктарын Telegram жана WhatsApp платформаларынан да окуп туруңуз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG