Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:09

Орусияда кармалган АКШ аскерине жаңы айып тагылды


Гордон Блэк.
Гордон Блэк.

Орусияда үч апта мурда кармалган америкалык аскер кызматкерине коюлган айып катуулоодо. Алгач уурулук боюнча кармалган аскерге эми «өлтүрөм деп коркуткан» деген айып тагылганын бүгүн 27-майда «Коммерсант» жана ТАСС билдирди. Алардын маалыматына караганда, Приморье крайынын прокуратурасы АКШ аскеринин сержанты, 34 жаштагы Гордон Блэкке Кылмыш-жаза кодексинин эки беренесинин негизинде айып тагып, ишти сотко жөнөттү.

Алгач ага «олуттуу зыян келтирген уурулук» деген айып тагылган. Буга Владивосток шаарынын тургуну, америкалык жаран конокко барган 32 жаштагы Александра Ващук аттуу келиндин «акча каражаты» жоголгону себеп болгонун тергөө билдирген.

Блэк ал аял полицияга 10 миң рубли жоголгону тууралуу арыз жазгандан кийин кармалган.

Экинчи айып дагы Ващуктун арызынын негизинде коюлду. «Коммерсант» жазгандай, аял үйүндөгү уруш учурунда Блэк аны колкодон алганын, муну ал «өмүрүнө олуттуу коркунуч» катары кабыл алганын жазды.

Блэк кармалганын алгач NBC News телеканалы кабарлап, аны жетекчилиги Түштүк Кореяга иш боюнча жөнөткөнүн, сапары аяктагандан кийин АКШга кайтышы керек болгонун, бирок кайтар алдында "романтикалык мамиледе" болгон аялга кезигиш үчүн Владивостокко барганын жазган.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин Владивостоктогу өкүлчүлүгү америкалыктын кармалышын «күнүмдүк жашоодо боло жүрчү криминал» деп мүнөздөп, тыңчылык менен байланыш жок экенин билдирген.

Блэк Москва менен Вашингтон ортосунда мамиле чыңалып турган учурда Орусияда ар кандай себеп менен кармалган америкалык жарандардын тизмесин толуктады. Алардын арасында тергөө абагында отурган журналисттер – «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кабарчысы Алсу Курмашева, The Wall Street Journal басылмасынын кабарчысы Эван Гершкович, 16 жылга эркинен ажыратылган жаран Пол Уилан бар.

2023-жылдын сентябрында АКШнын Мамлекеттик департаменти америкалыктарды Орусияга баруудан карманууга чакырган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG