Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:01

Гүлнара-Клара Самат Орусиядагы жана Армениядагы элчи кызматынан алынды


Гүлнара-Клара Самат
Гүлнара-Клара Самат

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Орусия Федерациясындагы жана Армениядагы элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин сайты кабарлады.

6-майда Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын бул өлкөдөгү элчиси Гүлнара-Клара Саматты жана президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиевди "Достук" ордени менен сыйлаган. Маалыматта сыйлыктар Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого кошкон "чоң салымы" үчүн тапшырылганы белгиленген.

Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Орусиядагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп 2021-жылдын февралында дайындалган.

Ортодо элчинин ишине байланыштуу маселе бир нече жолу көтөрүлүп, Жогорку Кеңеште анын кызмат ордун кароо сунушу айтылган. Элчинин ишине байланыштуу маселе мурдагы жылкы курултайда да көтөрүлгөн.

Мындан кийин Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдөгү элчилерге, айрыкча Гүлнара-Клара Саматка диаспоралар менен иштөөнү күчөтүүнү тапшырган.

Клара Кабилова 2007-жылы БШКнын төрайымы болуп иштеген. Ал кызматта турганда мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим кысым кылганын жарыялап, өлкөдөн чыгып кетип, Орусияда жашап жүргөн. Кийин ысымын өзгөртүп, Гүлнара-Клара Самат болгон. (ЕrN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG