Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:49

Аба ырайы: айрым аймактарда жаан жаайт


Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 28-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө, Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25,

Талас жергесинде түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23,

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 3…18, күндүз 16…21,

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…-7, күндүз 5…10 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8°, күндүз 23…25° болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG