Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:21

ИИМ 2023-24-жылдары 30 миңге чукул чет өлкөлүктүн мыйзамсыз жүргөнүн аныктаган


ИИМдин имараты.
ИИМдин имараты.

2023-жылдан бери Кыргызстанда 29 миң 846 чет өлкөлүк жарандын мыйзамсыз жүргөнү аныкталган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитеттин 27-майдагы жыйынында ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдирди. Анын айтымында, мыйзамсыз жүргөнү аныкталган чет өлкөлүктөргө салынган айыптын көлөмү 102 миллион 160 миң сомго жеткен.

“2024-жылдагы төрт айда ички иштер органдары мигранттарды мыйзамсыз алып келүү жана аны уюштуруу боюнча 90 кылмыш иши тергелген, анын 81и сотко жөнөтүлгөн. Алты иш учурда тергелүүдө. Ал эми Укук бузуулар кодексинин негизинде быйыл төрт айда чет өлкөлүктөр тарабынан 7 миң 259 бузуулар катталган, айыптардын жалпы суммасы 39 миллион сомду түзөт”, - деди Абдиев.

Министрдин орун басары Кыргызстанда 2022-жылдан баштап, айрыкча, Бангладеш, Индия, Пакистан өлкөлөрүнөн келген мигранттардын саны көбөйө баштаганы байкалганын кошумчалады.

Буга чейин ИИМ 13-майга караган түнү Кыргызстан менен Египеттин жарандарынын мушташы жана ушул мушташ тартылган видеодон кийин 18-майга караган түнү болгон башаламандыкта 49 киши жабыркаганын билдирген. 13 киши кылмышка шектүү катары аныкталган. Алардын ичинен төртөө Египеттин, калган жети адам Кыргызстандын жарандары.

18-майга караган түнү Бишкек менен Чүйдө жалпы жети жайга кол салуу болгон. Анын ичинен адамдар Бишкекте чет элдик студенттер жашаган алты жатаканага жана мейманкага кирип башаламандык кылып, чет өлкөлүктөрдү уруп-сабаган.

Андан тышкары ушул эле күнү Чүйдүн Аламүдүн айылында тигүү цехинде жашап иштеген Индиянын, Бангладештин жана Пакистандын жарандарына 60-70 киши кирип барып сабап, акчасын, уюлдук телефондорун алып кетишкен. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен бир кылмыш иши козголуп, 14 жабырлануучу аныкталган. Беш киши кылмышка шек саналып кармалды.

Бул окуялардан кийин Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөдө мыйзамсыз миграцияга каршы күрөш күчөтүлгөнүн, атайын кызмат менен Ички иштер министрлигинин биргелешкен иш-аракети жүрүп жатканын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG