Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:54

Майыптыгы бар адамдар экотабак жасап иштешет


Кебектен жасалган, бир жолу колдонулуучу экотабак. Сүрөт "Назик кыз" уюмуна таандык.
Кебектен жасалган, бир жолу колдонулуучу экотабак. Сүрөт "Назик кыз" уюмуна таандык.

Бишкекте майыптыгы бар адамдар кебектен бир жолу колдонулуучу экологиялык табак (тарелка) жасоочу долбоор ишке кирди. Долбоорду Enactus KEU, "New Age" коомдук фонду жана майыптыгы бар кыздардын "Назик Кыз" биримдиги ишке ашырууда.

Аталган уюмдар майыптыгы бар кыздарды кебектен бир жолу колдонулуучу экологиялык табак жасоого окутуп, үйрөтүштү. Окуу Кыргыз экономикалык университетинде жүрдү. Анда долбоордун катышуучуларына экотабактардын өзгөчөлүгү тууралуу кеңири маалымат да берилген.

Уюштуруучулардын белгилөөсү боюнча, экотабактарды колдонгон соң майдалап же жибитип, жаныбарларга же канаттууларга жем катары берүүгө болот.

Долбоорго ылайык, майыптыгы бар 8-10 адам экотабак жасоого үйрөнгөн соң, күзүндө экотабактарды жасап сатуу иши башталат.

"Назик кыз" коомдук бирикмесинин жетекчиси Үкөй Мураталиеванын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, мындай экотабактарды сатуу боюнча Бишкектеги соода борборлору жана туристтик агенттиктер менен сүйлөшүүлөр жүрдү. Кирешенин 70% майыптыгы бар адамдарга, калганы Enactus KEU долбоорунун ыктыярчыларына бөлүнөт.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматында, Кыргызстанда 213 миңден ашуун адамдын майыптыгы бар. Анын ичинен 37 миңи – 18 жашка чейинки балдар.(ZKo)

XS
SM
MD
LG