Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:19

Чүйдө чет өлкөлүктөрдү сабаган деген шек менен беш адам кармалды


18-майга караган түнү тигүү цехинде болгон окуя.
18-майга караган түнү тигүү цехинде болгон окуя.

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы 18-майга караган түнү Аламүдүн айылынын Курманжан Датка көчөсүндөгү тигүү цехинде жашап иштеген Индиянын, Бангладештин жана Пакистандын жарандарын сабап, тоноп кеткен деген шек менен беш адам кармалганын 22-майда билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, 18-майга караган түнү саат 04:30да 60-70 киши коомдук тартипти бузуп тигүү цехине кирип барып, ал жакта иштеген чет элдиктерди сабап, акчасын, уюлдук телефондорун алып кетишкен. Бул окуядан цехке материалдык зыян келтирилип, 14 чет өлкөлүк жаракат алып, алардын үчөө №4 Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына жаткырылган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” беренеси менен иш козголуп, беш адам кармалды. Алардын эң улуусу 56 жашта болсо, кичүүсү 19 жашта. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

17-майда социалдык түйүндөрдө “чет элдиктер аралашкан” деген бир нече адамдын мушташы тартылган видео тарап, айрым колдонуучулар сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышкан. 18-майга караган түндө Бишкектин чыгыш тарабындагы көчөлөрдүн биринде адамдар топтолуп, чет элдик студенттер жашаган жатаканага кирип барып башаламандык жаралган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) чогулгандар 700гө чейин жеткенин, таңга жуук баары тарап кеткенин билдирген.

Тополоңдо дарыгерлерге жалпы чет өлкөлүк 41 адам кайрылган. Алардын ичинен ооруканада дарыланып жаткан 11 бейтаптын абалы туруктуу деп бааланууда.

Бишкек милициясы Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандык” жана “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу” беренелери менен иш козгоп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

ИИМ элдин нааразылыгын жараткан видеодогу окуя 13-майда болгонун тактаган. 20-майда тополоңго катышы бар деген шек менен кыргызстандык үч жаран кармалып, камакка алынган. 21-майда дагы бир шектүү кармалды.

Милиция “Бейбаштык” беренеси менен да иш козголуп, Египеттин төрт жараны кармалганын, кийин үй камагына чыгарылганын маалымдаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG