Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:52

Пакистандын тышкы иштер министри Бишкекке келди


Пакистандын башкы дипломатын Бишкектеги "Манас" эл аралык аэропортунан Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев тосуп алды.
Пакистандын башкы дипломатын Бишкектеги "Манас" эл аралык аэропортунан Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев тосуп алды.

Пакистандын өкмөт башчысынын орун басары, тышкы иштер министри Мохаммад Исхак Дар 21-майда кечинде Бишкекке келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматтарга караганда, Дар 18-майдагы тополоңдо жабыркап, ооруканада жаткан пакистандык жарандардан кабар алмакчы. Мындан тышкары Кыргызстандын Министрлер кабинетинин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Мохаммад Исхак Дар Астанада өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйынынан соң, Бишкекке кыска убакытка кайрылары мурда кабарланган.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 20-майда аны менен жолугушкан. Пакистандын тышкы саясат мекемеси X социалдык тармагына жарыялагандай, алар Бишкекте пакистандык студенттер жабыркаган окуяны талкуулашкан.

Эки министр 19-майда да телефондо да бул маселени сүйлөшүшкөн.

17-майда социалдык түйүндөрдө “чет элдиктер аралашкан” деген бир нече адамдын мушташы тартылган видео тарап, айрым колдонуучулар сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышкан. 18-майга караган түндө Бишкектин чыгыш тарабындагы көчөлөрдүн биринде адамдар топтолуп, чет элдик студенттер жашаган жатаканага кирип барып башаламандык жаралган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) чогулгандар 700гө чейин жеткенин, таңга жуук баары тарап кеткенин билдирген.

Тополоңдо дарыгерлерге жалпы чет өлкөлүк 41 адам кайрылган. Алардын ичинен ооруканада дарыланып жаткан 11 бейтаптын абалы туруктуу деп бааланууда.

Бишкек милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) жана 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) менен иш козгоп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Бул окуядан кийин Бишкектеги Кыргызстан эл аралык университетинде билим алган чет элдик студенттердин ичинен 1200дөй пакистандык мекенине кеткен.

ИИМ элдин нааразылыгын жараткан видеодогу окуя 13-майда болгонун тактаган. 20-майда тополоңго катышы бар деген шек менен кыргызстандык үч жаран кармалып, камакка алынган. 21-майда дагы бир шектүү кармалды.

Милиция “Бейбаштык” беренеси менен да иш козголуп, Египеттин төрт жараны кармалганын, кийин үй камагына чыгарылганын маалымдаган.

Пакистандын башкы дипломатын Бишкектеги "Манас" эл аралык аэропортунан Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев тосуп алды. Астанадагы жолугушууда Исхак Дар пакистандык жарандардын, өзгөчө башка мамлекеттерде билим алып жаткан студенттердин коопсуздугу маанилүү экенин белгилеген жана Кулубаевден аларды сабагандарды жоопко тартууну өтүнгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG