Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:16

ЕБ Орусиянын камактагы активдерин Украинага жумшоо планын жактырды


Евробиримдик туусу. Архивдик сүрөт.
Евробиримдик туусу. Архивдик сүрөт.

Евробиримдик өлкөлөрү Орусия Украинага кол салгандан кийин анын биримдик аймагында камакка алынган активдерин Киевге жардам үчүн пайдалануу планын бекитишти. Бул тууралуу бүгүн 21-майда Х (мурдагы Twitter) социалдык түйүнүнө Чехиянын тышкы иштер министри Ян Липавский жазды.

Чех министринин айтымында, быйылкы жылы бул схема Украинага 3 миллиард еврого жакын каражат бериши мүмкүн, анын 90% аскердик чыгымдарга жумшалышы керек болот.

Орусиянын борбордук банкынын (Центробанк) камакка алынган активдеринин 2/3 бөлүгү Европа биримдигинин аймагында, анын көпчүлүк бөлүгү бельгиялык Euroclear депозитарийинин көзөмөлүндө.

Активдерден жылына 5 миллиард евродой каражат түшүп турары маалымдалды.

Bloomberg жазгандай, Украинага жардам жылына эки жолу бөлүнөрү болжолдонууда, былтыртан бери аларды инвестициялоодон түшкөн киреше 4 миллиард евро түздү.

Бирок Украина анын 557 миллионун гана алат – февраль айынын ортосуна чейин түшкөн кирешени бельгиялык банк ыктымал коркунучтар, анын ичинде Орусиянын соттук доолоруна байланыштуу түзүлүшү мүмкүн абал үчүн кармап турат.

Орусиянын Евробиримдик аймагындагы активдерин пайдалануу схемасы бир нече айдан бери талкууланып келди. Биримдикке кирген өлкөлөр юридикалык маселелерден тышкары Орусиянын жооп чараларынан кооптонуп жатышты. (RK)

XS
SM
MD
LG