Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:12

Араванда эки гектар жерди ижарага берүүгө каршы акция өттү


Жер маселеси боюнча чогулгандар. 21-май, 2024-жыл.
Жер маселеси боюнча чогулгандар. 21-май, 2024-жыл.

21-майда Ош облусунун Араван районунда 150дөй киши жер тилкеси узак убакытка ижарага берилип жатканына нааразы болуп акцияга чыгышты.

Чогулгандар эки гектарга жакын жер Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Нурматовго ижарага берилип жатканын айтып, жер айылдын мазарынын жанында болгону үчүн каршы экенин билдиришти.

Акцияга чыккандар менен Кубанычбек Нурматов жолугуп, Араван районуна эки гектар жерге курула турган эс алуу жайынын долбоору токтотулганын айтты. Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, эс алуу жайында 70тен 100гө чейин киши иштейт деп пландалганын билдирди.

Жергиликтүү бийлик элдин сунушун эске алып, жерди Достук айыл аймагынын башка жагынан берүү чечимин кабыл алды. (DSh/BTo)

XS
SM
MD
LG