Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:36

Аба ырайы: күн күркүрөп, жаан жаайт


Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 22-майда түнкүсүн Чүй облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 18…23;

Талас облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 17...22;

Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 10...15, күндүз 23...28;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 18…23;

Нарын облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 19...24 градус жылыйт.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнү 11…13°, күндүз 20…22° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG