Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:07

Бишкекте чет элдиктерди сабаган деп шек саналгандардын бири кармалды


Бишкекте 18-майга караган түнү тартылган сүрөт.
Бишкекте 18-майга караган түнү тартылган сүрөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Бишкекте чет элдик жарандарды сабаган деп шек саналгандардын бири кармалганын 21-майда билдирди. Тергөөнүн баштапкы маалыматына ылайык, ал 18-майга караган түнү чет өлкөлүктөрдү ур-токмокко алган жана башка кишилерди чет өлкөлүктөр жашаган жерлерге машинасы менен ташып барган.

Министрлик төрт адам “Дордой” базарына жакын жайгашкан үйгө кирип, чет өлкөлүк жарандарды ур-токмокко алып, кийин белгисиз тарапка качып кетишкенин кабарлады. 18-майда социалдык тармактарда бир адам бөлмөдө чет өлкөлүк жарандарды сабап жатканы тартылган видео тараган. ИИМ ур-токмокко кабылгандар кайсы өлкөнүн жарандары экенин тактаган жок.

Милиция окуяны Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү (Массалык башаламандык) жана 280-беренеси (Бейбаштык) менен иликтеп жатат.

“Ал учурда Бишкек шаарында жашап, эмерек жасоочу цехтин кызматкери болгон. Кармалган жаран Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. “Мерседес-Бенц Спринтер” автоунаасы унаа токтотуучу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылып, укукка каршы аракеттерге тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча чаралар көрүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

17-майда социалдык түйүндөрдө “чет элдиктер аралашкан” деген бир нече адамдын мушташы тартылган видео тарап, айрым колдонуучулар сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышкан. Ошол видеодон кийин, 18-майга караган түнү Бишкектин чыгыш тарабындагы көчөлөрдүн биринде адамдар топтолуп, чет элдик жарандар жашаган жатаканага кирип барып башаламандык болгон.

Ички иштер министрлиги түнкүсүн калаада чогулгандар 700гө чейин жеткенин, таңга жуук баары тарап кеткенин билдирген.

18-майга караган түнү болгон тополоңдо дарыгерлерге жалпы чет өлкөлүк 41 адам кайрылган. Алардын ичинен ооруканада дарыланып жаткан 11 бейтаптын абалы туруктуу деп бааланууда.

Милиция элдин нааразылыгын жараткан видеодогу окуя 13-майда болгонун тактады. Расмий маалыматка ылайык, чет өлкөлүк студенттер менен жергиликтүүлөрдүн мушташы боюнча “Бейбаштык” беренеси менен иш козголуп, Египеттин төрт жараны кармалган. Бишкектин Свердлов райондук соту аларды 19-майда 17-июлга чейин үй камагына чыгарды.

Андан тышкары, чет элдиктерди тоногон деген шек менен Кыргызстандын үч жараны кармалган. Пакистандын студенттер бул окуядан кийин Бишкектен кете баштады.

Президент Садыр Жапаров 18-майга караган түнү Бишкекте болгон окуяга байланыштуу алгачкы кайрылуусунда чет элдик студенттерди сабагандар жазага тартыларын айтты.

Пакистандын бийлиги окуяга тынчсыздануусун билдирип, эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Казакстандын баш калаасы Астанада жолугушуп, сүйлөшүү өткөрүштү. (SE)

XS
SM
MD
LG