Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:53

Газада Израил менен ХАМАСтын кармашы уланууда


Газа сектору.
Газа сектору.

Газа секторунда Израилдин ХАМАС тобуна (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) каршы соккулары уланып жатканын The Associated Press (AP) агенттиги билдирди. Агенттиктин маалыматына караганда, 19-майда авиа чабуулдардын натыйжасында кеминде 27 жай тургун каза болду, алардын көбү аялдар жана балдар.

Ал арада Израилдин өзүндө Газадагы согуштан кийинки аракеттер планы боюнча талаш жаралууда. Аскердик кабинеттин мүчөсү, өлкөнүн мурдагы коргоо министри Бени Ганц эгер премьер-министр Биньямин Нетаньяху планын 8-июнга чейин жарыялабаса отставкага кетерин билдирди.

Ганцтын пикиринде, план ХАМАСтын жетекчилигин кулатуу, барымтада кармалып отургандарды бошотуу, Газанын демилитаризациясы, Израилдин сектордун үстүнөн көзөмөлүн орнотуу, ал жакта АКШ, Евробиримдик жана араб өлкөлөрү менен биргелешип жарандык администрация түзүү жана өлкөнүн түндүгүндө чабуулдардын айынан эвакуация болгон израилдиктердин үйүнө кайтуусун камсыздоо сыяктуу алты максатты камтышы зарыл.

Нетаньяхунун администрациясы Ганцтын талаптарынын аткарылышы Израилдин утулушуна тете болорун, барымтадагылардын көбүн бошотуудан баш тартууга туура келерин, ХАМАСтын бийлиги сакталып каларын жана палестин мамлекетинин түзүлүшүнө өбөлгө түзүлөрүн билдирген.

Газанын 2,3 миллионго жакын калкынын көбү Израилдин чабуулдарынан баш калкалап, сектордун улам бир аймагына барып жашынып жашоого мажбур болууда. Израилдин бул сектордогу аскердик операциясына 2023-жылдын 7-октябрындагы окуя түрткү болгон. Бул күнү куралчан адамдар тобу 1200дөй кишини өлтүрүп, 250 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын бир бөлүгү бошотулган, айрымдары каза болгону кабарланган.

Газа секторун ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) көзөмөлдөйт. Бул анклавда Израил армиясы былтыр октябрдан бери аскердик операция жүргүзүүдө, негизги максаты ХАМАСты жок кылуу экенин билдирүүдө.

Газада ХАМАС менен Израил армиясынын согушунун кесепетинен дээрлик сегиз айдан бери бул сектордо жашаган палестиндердин 35 миңден ашууну каза болгонун анклавдын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө.

АКШ, Египет, Катар өлкөлөрү согушту токтотуу үчүн ортомчулук кылып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, бирок натыйжа боло элек. Газада гуманитардык абал курчуп турганын эл аралык укук коргоо уюмдары айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG