Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:53

Пакистанда Кыргызстанда окуган студенттердин ата-энелери акцияга чыгышты


Акция 20-майда өттү.
Акция 20-майда өттү.

Пакистанда бүгүн 20-майда Кыргызстанда окуган студенттердин ата-энелери акцияга чыгышты. «Машаал» радиосунун маалыматына караганда, митинг Хайбер-Пахтунхва провинциясынын Сват округунда болду. Акцияга айрым студенттер да катышканы кабарланды.

Ата-энелер балдары Кыргызстанда зомбулукка кабылганын айтып, аларды коргоого чакырышты.

Акциянын катышуучулары кармап турган плакатта «Кыргызстанда медицинаны окуп жаткан, зордук-зомбулукка кабылган пакистандык студенттердин өмүрү корголуп, алардын мүлкү кайра калыбына келтирилсин. Алар окуган университеттер кайра ачылсын» деген талаптар жазылды.

Кыргыз өкмөтү Бишкектеги тополоңдо жабыркаган чет өлкөлүк студенттерге кенемте төлөп берүүнү карап жатканын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 20-майда 18 жогорку окуу жайдын ректорлору менен өткөргөн жыйында билдирди.

17-майда социалдык түйүндөрдө “чет элдиктер аралашкан” деген бир нече адамдын мушташы тартылган видео тарап, айрым интернет колдонуучулар сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышкан. Ошол видеодон кийин, 18-майга караган түнү Бишкектин чыгыш тарабындагы көчөлөрдүн биринде адамдар топтолуп, башаламандык катталган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) түнкүсүн калаада чогулгандар 700гө чейин жеткенин, таңга жуук баары тарап кеткенин билдирген. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы тополоңдо жабыркап, ооруканада дарыланып жаткан 11 бейтаптын абалы туруктуу экенин 20-майда кабарлады. Тополоңдо дарыгерлерге жалпы 41 адам кайрылган.

Бишкек шаардык милициясы башаламандыкка байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) жана 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) менен иш козгоп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Бул окуядан кийин пакистандык жарандарды алып чыгып кетүү үчүн чартердик каттам уюштурулганы маалым болду. Ишембиде Пакистан 180дей жаранын өлкөдөн чыгарып кетти.

ИИМ элдин нааразылыгын жараткан видеодогу окуя 13-майда болгонун тактады. Министрликтин маалыматына ылайык, чет өлкөлүк студенттер менен жергиликтүүлөрдүн мушташы боюнча “Бейбаштык” беренеси менен иш козголуп, чет өлкөлүк төрт жаран кармалды. Бул окуяга катышы бар Кыргызстандын эки жаранынын жүргөн жерин тактоо иштери жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG