Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:38

Мэрия: Ататүрк паркындагы үйлөр сот чечимисиз бузулбайт


Сейил бактагы үйлөрдүн бузулушуна каршы чогулгандар. Бишкек. 20-май, 2024-жыл.
Сейил бактагы үйлөрдүн бузулушуна каршы чогулгандар. Бишкек. 20-май, 2024-жыл.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев 20-майда күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен чогуу координациялык кеңешме өткөрдү. Анда Ататүрк паркындагы турак жайларга байланыштуу маселе көтөрүлдү.

Жыйында калаа башчысы мэриянын кызматкерлерине жана күч түзүмдөрүнүн башчыларына сейил бактагы турак жайлардын маселесин тургундарга так жеткирүүнү тапшырды. Ага ылайык, Мустафа Кемал Ататүрк атындагы парктын аймагына курулган турак жайлардын маселеси соттук мүнөздө гана чечилерин, сот чечимисиз объекттерди сүрдүрүү болбостугу айтылды.

Жыйында маалым болгондой, 20-майга карата мэрия тарабынан сотко 94 доо арыз даярдалды. 19 арыз сотко жиберилди.

Мурдагы бекитилген планга ылайык, 20-майдан тарта Мамлекеттик курулуш ишканасы шаардык кызматтар менен биргеликте курулуп жаткан жана курулушка уруксаты жок бир катар объектилерди буза баштамак. Ошондой эле алардын жер тилкелеринин чегинен чыгып кеткен бир катар имараттардын айланасындагы тосмолорду жана дубалдарды алуу пландаштырылган.

Жыйындын жыйынтыгында мэрияга доо арыздарды даярдоо, уюштуруу-укуктук иштерди жүргүзүү, элге түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тездетүү тапшырылды.

20-май күнү Бишкектин Ататүрк паркынан буга чейин үй курууга берилген жерлерге салынган үйлөрдүн бузулушуна каршы тургундар парктын күн чыгыш тарабына чогулуп, бийликтен жеке менчик укугун коргоп берүүнү суранышкан. Алар мурдагы мэрлердин чечимдерин жокко чыгарып, үйлөрдү бузуу туура эмес деп эсептешет. Чогулгандар үйлөрдү өз акчаларына сатып алышканын, бийликтин чечимдери ырааттуу болушу керектигин айтышууда.

Бишкек мэриясы Ататүрк паркындагы курулуштарды бузуу иштери 20-майдан тарта жүргүзүлөрүн кабарлаган.

Ататүрк паркынын аймагынан менчик турак жай куруу үчүн жерлер 2000-жылдардын башынан тарта мурдагы мэрлердин чечими менен бөлүнө баштаган. Бирок азыркы мэр сейил бактагы 198 объект мыйзамсыз курулган деп эсептейт.

Калаа башчысы Айбек Жунушалиев 16-апрелде Ататүрк паркынан турак жай курууга жер берүү боюнча мурдагы мэрлердин колу коюлган 124 токтом жокко чыгарылганын билдирген.

Ошондой эле 1992-жылы 25-июндагы № 225 токтому менен бекитилген, Мустафа Кемал Ататүрк атындагы аянты 107 гектарды түзгөн сейил бактын чек араларын бекитүү боюнча токтомго кол койгон. Ага ылайык, мурда курулушка бөлүнгөн 43 гектар жер паркка кайтарылышы керек.

Мэрия парктын аймагында мыйзамсыз курулган кыймылсыз мүлктү тазалоого андагы үй ээлерине 30 күн убакыт берилген.

Ушундан кийин аталган парктагы үйлөрдүн жана жер тилкелердин ээлери Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошкон. Алар кезинде аталган эс алуу багындагы тилкени мыйзамдуу сатып алганын айтышып, эгер үйлөр бузулса, анда алардын менчик укугу бузуларын айтып чыгышкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG