Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:23

Сауд Арабиясы жана АКШ ортосундагы келишим, Газадагы абал талкууланды


Жейк Салливан жана Мухаммед ибн Салман Ал Сауд. Коллаж сүрөт.
Жейк Салливан жана Мухаммед ибн Салман Ал Сауд. Коллаж сүрөт.

Сауд Арабиясынын мураскер канзаадасы Мухаммед ибн Салман Ал Сауд жана Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) администрациясынын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан эки өлкө ортосундагы кызматташтык келишимин жана Газа маселесин талкуулашканын 19-майда Reuters агенттиги билдирди. Жолугушуу Сауд Арабиясынын чыгышындагы Дахран шаарында өткөнү, анда “эки мамлекеттин иш жүзүндө толукталып жаткан стратегиялык келишим долбоорлорунун ортолоп калган соңку варианты” каралганы маалымдалды.

АКШ Сауд Арабиясынын коопсуздугун жана анын жарандык өзөктүк тармагына жардамын кепилдеген мындай келишим аталган өлкөнүн Израил менен мамилесин нормалдаштырууга өбөлгө болот деп үмүттөнүүдө.

Жолугушууда Израил менен палестиндер ортосундагы чыр-чатакты "эки мамлекет" принцибинде чечүүгө ишенимдүү жол табуу зарылчылыгы, Газа секторундагы согушту токтотуу жана бул анклавга гуманитардык жардам жеткирүү маселеси талкууланды.

Израил менен Сауд Арабиясынын ортосундагы мамиленин жөнгө салынышы Жакынкы Чыгыш боюнча чоң келишимдин бир бөлүгү болушу керектиги айтылып келет, бирок бул аракет ишке аша элек.

Салливан бул иш сапары алкагында Израилге да барып, сүйлөшүү жүргүзөрүн Ак үй 17-майда билдирген.

Газа маселеси 16-майда Бахрейнде өткөн Араб мамлекеттери лигасынын кезектеги саммитинде негизги тема болгон. 22 өлкөнү бириктирген лиганын соңку кезексиз жыйыны былтыр ноябрда коңшу Сауд Арабиясында уюштурулган.

Газа секторун ХАМАС тобу (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) көзөмөлдөйт. Бул анклавда Израил армиясы былтыр октябрдан бери аскердик операция жүргүзүүдө, негизги максаты ХАМАСты жок кылуу экенин билдирүүдө. Операцияны баштоого 2023-жылдын 7-октябрында Израилге жасалган кол салуу негиз болгон. Бул күнү куралчан адамдар тобу 1200дөй кишини өлтүрүп, 250 кишини барымтага алып кеткен. Кийин барымтадагылардын бир бөлүгү бошотулган. Соңку маалымат боюнча азыр ХАМАСтын колунда калгандары 128 киши, алардын 36сы, аскер кызматкерлеринин божомолунда, каза болду.

Газада ХАМАС менен Израил армиясынын согушунун кесепетинен дээрлик сегиз айдан бери бул сектордо жашаган палестиндердин 35 миңден ашууну каза болгонун анклавдын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул сандан күмөн санабай турганын 14-майда жарыялады.

Газада гуманитардык абал курчуп турганын эл аралык укук коргоо уюмдары билдирип жатышат.

Сауд Арабиясынын, Египттин жана Катардын ортомчулугу менен уюштурулуп келе жаткан тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн натыйжа боло элек. (RK)

XS
SM
MD
LG