Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:37

Бишкекте пакистандык жарандарды алып кетүү үчүн чартердик каттам уюштурулду


Кыргызстан эл аралык университетинин жатаканасы. Пакистанга жөнөп жаткан студенттер. 19-май, 2024.
Кыргызстан эл аралык университетинин жатаканасы. Пакистанга жөнөп жаткан студенттер. 19-май, 2024.

Кыргызстанда окуган пакистандык студенттерди мекенине алып кетүү үчүн чартердик каттам дайындалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Пакистандын Бишкектеги элчилигинин кызматкери ырастады. Анын айтымында, 19-20-21-майда каттамдар уюштурулган.

“Алардын көбү Кыргызстанга кайтып келет деп ойлойм. Бул алардын коопсуздугу үчүн убактылуу гана чара”, - деди элчиликтин кызматкери.

Бишкектеги Кыргызстан эл аралык университетинде окуган пакистандык бир катар студенттер 19-майда Пакистанга кете турганын, бул үчүн чартердик каттам уюштурулганын “Азаттыктын” кабарчысына билдиришкен. Бул маалыматты алардын окутуучулары да ырасташкан.

Royal Metropolitan University окуу жайынын окутуучулары да өлкөсүнө кетип жаткан пакистандыктар бар экенин “Азаттыкка” маалымдашты.

Ишембинин кечинде Бишкектен 180 пакистандыкты салган атайын учак Лахор шаарына конгон. Алардын ичинде 140 студент, калганы Кыргызстанда жашап, иштеп жүргөн пакистандыктар болгон.

Бишкекте болгон окуяда жалпысынан 29 киши жабыркаганын кыргыз өкмөтү билдирди. Алардын үчөө Бишкектеги мамлекеттик ооруканада, абалы туруктуу экенин Саламаттык сактоо министрлиги 19-майда билдирди.

17-майда интернетте "чет элдиктер аралашкан" деген бир нече адамдын мушташы тартылган видео тараган. Социалдык тармактын колдонуучулары сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышты. Мындан кийин Бишкектин көчөлөрүндө ондогон киши топтолуп, башаламандыктар менен коштолгон.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) 18-майга караган түнү Бишкектеги тополоңдун жана анын чыгышына себеп болгон окуялардын хронологиясын жарыялап, иштин чоо-жайы тууралуу расмий маалымат тараткан. Мекеме түнкүсүн калаада чогулгандар 700гө чейин жеткенин, таңга жуук тарап кетишкенин билдирген.

Бишкек шаардык милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) жана 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) менен иш козголуп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Төрт чет элдик жаран кармалганы маалымдалган. Тергөөнүн жүрүшүндө жатаканада чет элдик жарандарга кол салган жергиликтүү төрт тургундун экөө аныкталды. Милиция жогорудагы эки адамдын турган жерин жана башка адамдардын тек-жайын аныктоо боюнча иштерди алып барууда. (NbA/TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG