Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:11

Эмгек министри Кыргызстанда 5 миңдей чет элдикке иштөөгө уруксат берилгенин айтты


Гүлнара Баатырова
Гүлнара Баатырова

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова 18-майда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине учкай интервью берип, Бишкек шаарындагы чет элдиктердин катышуусундагы окуяларга жана өлкөдөгү эмгек рыногуна байланыштуу суроолорго жооп берди.

Ал 2023-жылдын эсебинде Кыргызстанда 20 миңден ашуун бош жумуш орундары болгонун, 2024-жылдын май айына карата анын 6 миңден ашыгы дале бош турганын билдирди. Министр ошол себептүү Кыргызстан да башка мамлекеттер сыяктуу чет элдиктердин өлкөгө келип иштешине уруксат берип жатканын, чет элдик жарандар тигүү, тейлөө жана башка багыттарда муктаждыкты канааттандырып жатканын белгилеген.

“Жалпысынан 5 миң 322 чет элдик жумушчуга иштөөгө тиешелүү уруксат берилген. Андан тышкары Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, 2024-жылдын башынан бери Кыргызстанга Бангладештен 369, Пакистандан 6223, Индиядан 5376 студент билим алууга келген. Жеке бизнес ээлери чет элдиктер жумушуна так, өз убагында келип, айрым учурларда коюлган графигинен дагы ашыкча иштей турганын айтышат. Биздин жарандарыбыз көпчүлүгү Орусия жана башка кошуна өлкөлөргө иштөөгө кетип, азыр туруктуу жайгашып алышкан. Кыргызстанга кайтып келип иштөө сунуштарыбыз дайым жоопсуз калат. Кыргызстанда жумуш орундары көп, жогоруда айткандай 6538 жумуш оруну бош турат, иштегенге жумушчу жок. Биздин дагы жүз миңдеген, керек болсо миллиондогон жарандарыбыз башка элде, бөтөн жерде иштеп жүрүшөт. Адам бар жерде проблема, уруш-талаш, пикир келишпестик болот экен. Анын кесепетинен чыр-чатактар чыгат тура. Ошондуктан түндөгү болгон окуяга сабырдуулук менен мамиле кылсак. Биздин жарандарыбыз, бир туугандарыбыз дагы чет элде уруш-жаңжалдарга туш болот. Башкаларга кызуу кандуулук менен мамиле кылуудан алыс болуп, биздин дагы бир боорлорубуз бөлөк элде мусапыр болуп жүргөнүн эске алсак”, – деди Гүлнара Баатырова.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев видео кайрылуу таратып, 18-майга караган түнү Бишкекте катталган окуяларга байланыштуу маалымат берген. Ал өз сөзүндө “мыйзамсыз жүргөн чет элдиктерди өз өлкөлөрүнө чыгаруу иштери жүрүп жатканын, ушул маалда Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн 5 миңге жакын чет элдик мигрант бар экенин” айткан. Ташиев ошол эле маалда “чет элдиктерге мындай мамиле жасоо туура эмес экенин белгилеп, чагымчылар жоопко тартыларын” белгилеген.

17-майда интернетте "чет элдиктер аралашкан" деген бир нече адам катышкан мушташ тартылган видео тараган. Социалдык тармактын колдонуучулары сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышкан.

Мындан кийин, 18-майга караган түнү Бишкек шаарынын көчөлөрүндө ондогон жарандар топтолуп, башаламандыктар менен коштолгон. Күч органдары коомдук коопсуздукту түнү менен кайтарып, айрым элчиликтерди жана чет элдиктер жашаган жатаканаларды кайтарууга алды. Окуя маалында чет элдик жарандар сабалганы тартылган видеолор интернетке тарап жатат.

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, 18-майга караган түнү борбордо катталган окуяларда 29 адам жараат алды. 15 адам Бишкек шаардык тез жардам ооруканасына жана Улуттук госпиталга жеткирилип, калгандарына жеринде жардам көрсөтүлгөн.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы окуяларга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) жана 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) менен иш козголуп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Төрт чет элдик жаран кармалганы маалымдалды. (ErN)

XS
SM
MD
LG