Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:01

Пакистандын элчилиги Бишкектеги окуяда каза болгон жарандары жок экенин билдирди


 Кыргызстан менен Пакистандын мамлекеттик желектери.
Кыргызстан менен Пакистандын мамлекеттик желектери.

Бишкектеги өткөн түндөгү окуяда 14 пакистандык студент жараат алды.

Бул тууралуу Пакистандын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлү «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтымында, окуя учурунда каза болгондор тууралуу маалымат жок. Элчилик учурда кыргыз өкмөтүнүн тиешелүү органдары менен байланышта экенин кабарлады.

Буга чейин пакистандык айрым маалымат каражаттары Бишкекте 18-майга караган түндөгү окуяда каза болгондор бар болушу мүмкүн деген маалыматтарды жазып чыккан.

Пакистандын Бишкектеги элчилиги бул маалымат ырасталбаганын маалымдады.

Кыргыз өкмөтү соңку окуяда жалпы 28 киши жаракат алганын, алардын арасында чет өлкөлүк жарандар бар экенин кабарлады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG