Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:38

Бишкектеги жатакананын жанына жүздөгөн киши топтолду, милиция курчап турат


Жүздөгөн киши Бишкектеги жатакананын биринин жанында топтолуп турат, 18-май, 2024-жыл
Жүздөгөн киши Бишкектеги жатакананын биринин жанында топтолуп турат, 18-май, 2024-жыл

Бишкектеги Курманжан Датка көчөсүңдөгү чет элдиктер жашаганы айтылган имараттын жанында жүздөгөн киши турат. Милиция имаратты курчап, аларды ичкери кирүүгө жол бербей жатат. Социалдык тармактарда жатаканаларда турган чет элдиктер сабалганы тууралуу видеолор тарап жатат. Бирок азырынча алардын чын-бышыгын аныктоого мүмкүн боло элек.

Бишкек шаардык милициясы социалдык тармактарда белгисиз бирөөлөр жалган маалымат таратып жатканын билдирип, шаардыктарды чагымга алдырбай, сабырдуу болууга чакырды. Ошондой эле жалган маалымат тараткандар жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

17-майда интернетте "чет элдиктер аралашкан" деген бир нече адам катышкан мушташ тартылган видео тараган. Бишкектин Свердлов райондук милициясы бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгонун, чет өлкөлүк үч жаран Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалганын “Азаттыкка” билдирди.

Жума күнү кечинде Ички иштер министрлиги тараткан видеодо жүзү жабылган үч эркек кечирим сураганы көрүнөт. Алардын бири "Кыргызстандын бардык элинен кечирип сурайбыз. Мындай кайра кайталанбайт деп убада беребиз. Кыргызстандын мыйзамын сактап, кечирим сурайбыз. Кылганыбыз үчүн толук жоопкерчилик алууга даярбыз", - деп орусча айтканы угулат.

Маалыматка караганда мушташ 13-майда болгон. Кармалгандар кайсы өлкөнүн жарандары жана Кыргызстанда кандай максатта жүргөнү тууралуу маалымат берилген жок.

Милиция коомдук тартипти бузгандар Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG