Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:11

Масалиев президенттин алтын боюнча маегине комментарий берди


Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Исхак Масалиев президент Садыр Жапаровдун “өлкөдөн чыгарылган алтын” делген видео боюнча берген маеги жана ага айткан сын боюнча 17-майда “Азаттыкка” комментарий берди.

Депутат буга чейин “Марал” радиосундагы интервьюсунда коомдо талкуу жараткан видео боюнча өкмөткө сын-доомат айтпаганын, болгону социалдык тармактарда тараган тасманы тыкыр иликтеп коюш керек экенин билдиргенин кошумчалады.

“Президент эмнеге ачууланды, билбейм. Мен берген маегимди (“Марал” радиосуна) кайра карап чыктым. Анда “Эдил Байсаловдор дароо чычалабай, видеону текшерип туруп жооп берсе болмок” деп айткам. Мунун эмнеси жаман? Анан мени “ууру” деп 15-20 жыл мурдагы казино маселесин көтөрдү. Мага ууру деген сөз катуу тийди. Видеодогу алтын башка бир компанияныкы же тасма жөн эле тартылган болушу мүмкүн. Муну Камчыбек Кыдыршаевичке тапшырма берип аныктап койсо болот да”, - деди ал.

Исхак Масалиев 13-майда “Марал” радиосундагы маегинде коомдо талкуу жараткан алтын боюнча видео тууралуу журналисттин суроосуна жооп берген. Ал тасма тыкыр текшерилиши керек экенин, мамлекеттин алтыны уурдалып жатат дегенге ишенбей турганын, бирок тасмадагы алтын делген заттар башка бир ишканалардыкы да болушу мүмкүн экенин айткан.

Президент Садыр Жапаров 17-майда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине бул видео тууралуу дагы бир интервью берди. Мамлекет башчы бул жолу Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиевдин аткезчилик менен өлкөдөн чыгарылды делген видео боюнча “өкмөт кызыгып, текшерип коюшу керек эле” деген сынына жооп берген.

“Текшерүү иштери секунд сайын жүрүп турат. Бардык мамлекеттик алтын кендерине видео-көзөмөл байкоолор орнотулган. Алтын менен күмүштүн ар бир граммы Улуттук банкка же “Кыргызалтын” ишканасына келип түшкөнгө чейинки процесси онлайн көзөмөлдө турат. Жүздөгөн, миңдеген көздөр карап турат. Андан ары дүйнөлүк базарга сатууга кетет. Сатуудан келген каражаттарды алтын казган мекемелер менен эсептешет. Ал каражаттар андан ары алтын казуу иштерине жумшалат”, - деген Садыр Жапаров.

Президент өлкөдө 132 алтын кени иштесе, алардын 17синде мамлекеттин үлүшү бар экенин айтты. Алардын баары онлайн көзөмөлдө турганын кошумчалап, “мен сөзүмдүн башында “шектүү шекшинет” деген кыргызда жакшы сөз бар деп айттым го. Анын сыңарындай, менин бир туугандарым Исхак Масалиевдей ууру же “казиношник” эмес” деген.

7-майдын кечинде чет жакта жүргөн активист Асхат Осмонов атайын кутуларга салынган алтын куймаларга окшош зат тартылган эки видео жарыялаган. Тасмада кыргызча-орусча сүйлөп жаткан киши алтынды чет жактан тосуп алып, кайсы бир адамга отчёт берип жаткандай баяндалган.

Орусияга Кыргызстандан мажбурлап чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров ушул эле видеонун негизинде Осмоновдун артынан учкай баян жасап, “алтын куймалар Ысык-Көл аэропортунан Кипрге чыгарылып кеткен болушу мүмкүн” деп баяндаган.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Фейсбукта жазган постторунда аталган видеолорду “жалган” деп атап, Кыргызстандан алтын мыйзамсыз чыгарылып кетип жатканын төгүндөшкөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG