Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:52

БУУ сотунда Газа боюнча чукул өтүнүч каралат


БУУнун жогорку соту. 2024-жылдын 16-майы.
БУУнун жогорку соту. 2024-жылдын 16-майы.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) жогорку сотунда бүгүн 17-майда Газадагы атышууну токтотуу тууралуу чукул өтүнүч каралат. Мындай өтүнүч менен сотко Түштүк Африка өлкөсү кайрылган. The Associated Press (AP) агенттиги маалымдагандай, бүгүнкү отурумда сөз Израилге берилет, ал геноцид боюнча айыптоолорго жооп бериши керек.

БУУнун Гаагадагы Эл аралык соту Газа маселеси боюнча ушуну менен үчүнчү жолу чогулууда. Түштүк Африканын арызы былтыр декабрда берилген.

16-майда Түштүк Африка сотко Газадагы кырдаал «үрөй учура тургандай жаңы стадияга» жеткенин кабарлап, 15 судьядан турган курамды чукул чара көрүүгө чакырды. Бул өлкөнүн Нидерланддагы элчиси Вусимузи Мадонсела Израил Газа секторунан «толук жана эч кандай шарт койбостон» чыгып кетиши керек экенин айтты.

Январь айында судьялар Израилди Газа секторунда өлүмдү, кыйроолорду жана геноцидди болтурбоо үчүн бардык аракетин көрүшү зарыл деп милдеттендиришкен, бирок комиссия аскердик чабуулдарды токтотуу буйругун берген эмес. Сот Израилдин сектордогу операциясы ал жактагы палестиндер үчүн «реалдуу жана түз коркунуч» жаратып жатканын белгилеген.

Газанын 2,3 миллионго жакын калкынын көбү Израилдин чабуулдарынан баш калкалап, сектордун улам бир аймагына барып жашынып жашоого мажбур болууда. Израилдин бул сектордогу аскердик операциясына 2023-жылдын 7-октябрындагы окуя түрткү болгон. Бул күнү куралчан адамдар тобу 1200дөй кишини өлтүрүп, 250 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын бир бөлүгү бошотулган, айрымдары каза болгону кабарланган.

Газа секторун ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) көзөмөлдөйт. Бул анклавда Израил армиясы былтыр октябрдан бери аскердик операция жүргүзүүдө, негизги максаты ХАМАСты жок кылуу экенин билдирүүдө.

Газада ХАМАС менен Израил армиясынын согушунун кесепетинен дээрлик жети айдан бери бул сектордо жашаган палестиндердин 35 миңден ашууну каза болгонун анклавдын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө.

АКШ, Египет, Катар өлкөлөрү согушту токтотуу үчүн ортомчулук кылып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, бирок натыйжа боло элек. Газада гуманитардык абал курчуп турганын эл аралык укук коргоо уюмдары айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG