Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:32

HRW Тоолуу Бадакшандагы кандуу окуя үчүн эч ким жоопко тартыла электигине тынчсыздануу билдирди


Хорог. 2022-жылдын 16-майы.
Хорог. 2022-жылдын 16-майы.

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму Тажикстандын Тоолуу Бадакшан автоном облусундагы кеминде 34 адамдын өмүрүн алган жана ондогон жергиликтүү тургун камакка алынган кандуу окуя үчүн эч ким алигүнчө жоопко тартылбаганына тынчсыздануусун билдирди.

Уюм өз билдирүүсүндө 2022-жылдын май айындагы Хорогдогу жана Рушандагы бул окуяны «нааразылыкка чыккандарды ырайымсыздык менен басуу» болгон деп атап, Тажикстандын эл аралык өнөктөштөрүн аны унутпоого жана расмий Дүйшөмбүнүн жообун талап кылууга чакырды.

Тажик бийлиги бул кандуу окуяны «антитеррордук операция» деп атаган, бирок укук коргоочулар эркин ойлонгон активисттерди күч менен басуу аракети болгонун айтып келишет.

2022-жылдын май-июнь айларында Тоолуу Бадакшанда нааразылык акциясына чыккандарга бийлик күч колдонуп баскан. Акцияга 16-майда акыйкаттык издегенин айткан жаштар тобу Бархоруг кичи районунан борбор калаа Хорогду көздөй жүрүш баштаганы себеп болгон.

Алар 2021-жылдын ноябрында Хорогдо өткөн митинг учурунда өлтүрүлгөн үч киши боюнча тергөөнүн калыс жүрүшүн, Хорогдун мэринин жана облус башчысынын иштен кетүүсүн талап кылышкан. Бийлик аларга каршы желим ок жана көздөн жаш агызуучу газ колдонгон, бир демонстрант каза болгон.

17-май күнү нааразылык толкуну Хорогдон Рушан районуна жеткен. Бийлик «террорчулукка каршы операциясын» ошонун эртеси баштап, күч кызматкерлерине кол салуу болгонун, митингчилер Тажикстан менен Кытайды байланыштыруучу жолдун эл аралык тилкесин бууганын билдирген.

Расмий маалыматка караганда, операция башталган күндөн тартып 17-июнга чейин Рушан менен Хорогдо 16 адам набыт болгон. Бирок БУУнун дипломаттарынын баяндамасында 40ка жакын адам набыт кеткени айтылган. Бүгүнкү күндө “Озоди” радиосунун аракети менен каза болгон 34 адамдын аты-жөнү такталды. Алар 30 жаштан 57 жашка чейинки курактагылар, негизинен Рушан районунун тургундары.

Өлкө президенти Эмомали Рахмон “өкмөттүн башка аргасы жок болгонун”, демонстранттарды тыюуга, мүмкүн болсо кармоого буйрук бергенин 2022-жылдын 18-июнунда билдирген.

Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму 2023-жылдын сентябрь айында тажик бийлигин “сөз эркиндигине, биригип тынч жыйын өткөрүүгө болгон укугун ишке ашыргандыгы үчүн гана кармалган бардык памирлик активисттерди жана укук коргоочуларды тез арада жана эч кандай шарт койбостон бошотууга” чакырган.

Тоолуу Бадакшан – Тажикстандын чыгышындагы 250 миңдей адам жашаган бийик тоолуу аймак. Калкынын көбү этникалык памирликтер, алар памир тилдеринде сүйлөшөт, шии исламдын исмаилит багытын карманышат жана канзаада Карим Ага Хан IVнү руханий лидер деп эсептешет. (RK)

XS
SM
MD
LG