Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:42

Газа маселеси Араб мамлекеттери лигасынын саммитинде талкууланууда


Газа. 2024-жылдын 15-майы.
Газа. 2024-жылдын 15-майы.

Газа маселеси бүгүн 16-майда Бахрейнде өтүп жаткан Араб мамлекеттери лигасынын кезектеги саммитинде негизги тема болууда. France24 телеканалынын маалыматына караганда, борбор калаа Манамага саммиттин катышуучулары 15-майдын кечинде чогула башташкан.

22 өлкөнү бириктирген лиганын соңку кезексиз жыйыны былтыр ноябрда коңшу Сауд Арабиясында өткөн. Ага башкы кеңсеси Жидда шаарында жайгашкан, курамына 57 өлкө кирген Ислам кызматташтык уюмунун лидерлери да катышкан.

Бахрейндин королу Хамад ибн Иса ал Халифа бүгүнкү жыйында сүйлөп жатып:

"(Биз) Жакынкы Чыгыштагы тынчтык үчүн эл аралык конференция өткөрүүгө чакырабыз, палестин мамлекетин толук таанууну жана анын Бириккен Улуттар Уюмуна мүчөлүккө кабыл алынышын колдойбуз", - деди.

Жыйында араб өлкөлөрүнүн лидерлери Израилдин Газадагы операциясын «варвардык» деп айыпташты, бирок ага каршы жазалоочу экономикалык жана саясий кадамдарды жактыруудан баш тартышты.

Газа секторун ХАМАС тобу (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) көзөмөлдөйт. Бул анклавда Израил армиясы былтыр октябрдан бери аскердик операция жүргүзүүдө, негизги максаты ХАМАСты жок кылуу экенин билдирүүдө. Операцияны баштоого 2023-жылдын 7-октябрында Израилге жасалган кол салуу негиз болгон. Бул күнү куралчан адамдар тобу 1200дөй кишини өлтүрүп, 250 кишини барымтага алып кеткен. Кийин барымтадагылардын бир бөлүгү бошотулган. Соңку маалымат боюнча азыр ХАМАСтын колунда калгандары 128 киши, алардын 36сы, аскер кызматкерлеринин божомолунда, каза болду.

Газада ХАМАС менен Израил армиясынын согушунун кесепетинен дээрлик сегиз айдан бери бул сектордо жашаган палестиндердин 35 миңден ашууну каза болгонун анклавдын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул сандан күмөн санабай турганын 14-майда жарыялады.

Газада гуманитардык абал курчуп турганын эл аралык укук коргоо уюмдары билдирип жатышат.

Көптөгөн өлкөлөр Израилди жай тургундарга өтө ырайымсыз мамиле жасап жатат деп айыптоодо, ал эми израилдик аскерлер ХАМАСтын гана инфраструктурасын жок кылып келатканын, согушкерлер элди тирүү калкан катары колдонуп, объектилерин эл көп жашаган жерлерге орнотуп жатканын айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG