Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:07

Орозайым Нарматова УКМКда үч саат сурак берип чыкты


Орозайым Нарматова. Архив.
Орозайым Нарматова. Архив.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова 16-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) парламенттеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаттары боюнча үч саат күбө катары сурак берип чыкканын билдирди.

Атайын кызмат сурак тууралуу жана “Бүтүн Кыргызстандын” депутаттарына байланыштуу эмне иш иликтенип жатканы боюнча маалымат бере элек.

Орозайым Нарматова 2021-жылы парламенттик шайлоодо “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынан депутат болгон. 2022-жылы 20-январда Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Орозайым Нарматованын мандатын жокко чыгарган. Мындай чечимге анын жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алганы жөнүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы негиз болгон.

Ал 2022-жылы октябрь айында Москвадан Кыргызстанга кармалып келип, Кемпир-Абад иши боюнча айып тагылган. 2023-жылы январь айында үй камагына чыгарылган. Ал ушул тапта Кемпир-Абад ишине байланыштуу айып коюлган саясатчы, активисттердин арасында жок.

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясы Жогорку Кеңеште өзүн оппозициялык фракция деп жарыялаган. Жалпы алты депутаты бар. Анын лидери Адахан Мадумаров сот жообуна тартылып мандатынан ажыратылгандан кийин, 8-майда Исхак Масалиев фракциянын лидери болуп шайланган. (BTo)

XS
SM
MD
LG