Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:23

16-май: Уран иштетүүгө уруксат берүү долбоору, казак окуучуларынын хижаб маселеси


Казакстандын Түркистан аймагындагы мектепте хижаб кийүүнү коргоп чыккан окуучу кыздар
Казакстандын Түркистан аймагындагы мектепте хижаб кийүүнү коргоп чыккан окуучу кыздар

16-майда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Уран иштетүүгө уруксат берүү документи ЖКга түштү

Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берүү боюнча Министрлер кабинети сунуштаган мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке түштү. 2019-жылы Тоң районундагы Кызыл-Омпол тоо-кенинен уран иштетүү аракети башталып, ага нааразы болгондор бир нече ирет митингге чыгышкан. Бул окуялардан кийин 2019-жылдын декабрь айында өлкөдө уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Президент Садыр Жапаров быйыл 19-февралда Балыкчы шаарында Ысык-Көлдүн Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун тургундары менен жолугушуп, Кызыл-Омпол кенин мамлекет өзү иштетүүнү пландап жатканын айткан.

Орозайым Нарматова УКМКда сурак берип чыкты

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) парламенттеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаттары боюнча үч саат күбө катары сурак берип чыкканын билдирди. Атайын кызмат сурак тууралуу жана “Бүтүн Кыргызстандын” депутаттарына байланыштуу эмне иш иликтенип жатканы боюнча маалымат бере элек. Орозайым Нарматова 2021-жылы парламенттик шайлоодо “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынан депутат болгон. 2022-жылы диплом чырына байланыштуу мандаттан ажыратылган. “Бүтүн Кыргызстан” фракциясы Жогорку Кеңеште өзүн оппозициялык фракция деп жарыялаган. Жалпы алты депутаты бар. Анын лидери Адахан Мадумаров сот жообуна тартылып мандатынан ажыратылгандан кийин, 8-майда Исхак Масалиев фракциянын лидери болуп шайланган.

Балдарды массалык иш-чараларга тартууга тыюу салуу сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Кыргызстанда балдарга зордук-зомбулук көбөйгөнүн айтып, мектеп окуучуларын ар кандай массалык иш-чараларга тартууга тыюу салуу керек экенин билдирди. 2-майда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жерге-Тал айылында “Манас айтуу” фестивалында дөңдөн ылдый жылган “Хундай-Портер” үлгүсүндөгү машине иш-чарага катышып жаткан балдарды коюп кеткен. 3 миңге жакын окуучунун 30дан ашыгы жабыр тартып, алардын көбү ооруканага түшкөн. Балдардын ону атайын борт менен Бишкекке жеткирилип, айрымдарына операция жасалган.

Күйдүргү боюнча өлкөдөгү абал

Жалал-Абадда Көк-Жаңгак шаарынын үч тургуну күйдүргүгө күмөн саналып, ооруканада жатат. Алардын бири Көк-Жаңгакта, бири Бишкекте, дагы бири Жалал-Абаддагы бейтапканада дарыланууда. Ал эми күйдүргү жуккан деген шек менен ооруканага түшкөн Кеминдин 34 жаштагы тургунуна Бишкек шаарындагы Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунда операция жасалды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги өлкөдө күйдүргү боюнча эпизоотиялык абал туруктуу экенин билдирди.

Араб мамлекеттери лигасы Газа маселесин талкуулап жатат

Газа маселеси Бахрейнде өтүп жаткан Араб мамлекеттери лигасынын кезектеги саммитинде негизги тема болууда. Бахрейндин королу Хамад ибн Иса ал Халифа "Палестин мамлекетин толук таанууну жана анын Бириккен Улуттар Уюмуна мүчөлүккө кабыл алынышын колдойбуз", - деп сүйлөдү. Араб өлкөлөрүнүн лидерлери Израилдин Газадагы операциясын «варвардык» деп айыптап, бирок ага каршы жазалоочу экономикалык жана саясий кадамдарды жактыруудан баш тартышты. 22 өлкөнү бириктирген лиганын соңку кезексиз жыйыны былтыр ноябрда коңшу Сауд Арабиясында өткөн.

Си менен Путиндин билдирүүсүндө Украина тууралуу да айтылды

Орусиянын президенти Владимир Путин Бээжинде Кытай лидери Си Цзинпинге жолукту. «Ар тараптуу өнөктөштүктү жана стратегиялык өз ара кызматташтыкты тереңдетүү тууралуу» биргелешкен билдирүүгө кол коюлду. Билдирүүдө Украина маселеси боюнча Кытай менен Орусия согуштун уланышына жана кырдаалдын курчушуна көмөктөшүүчү бардык кадамдарды токтотуу зарылдыгын белгилешери жана "анын көзөмөлдөнбөгөн фазага өтүшүнө жол бербөөгө чакырары" айтылды. Ошондой эле "украин кризисин чечүүнүн оптималдуу формасы катары диалог маанилүү" экени белгиленди. Путин Москва менен Бээжиндин алакасы "кимдин-бирөөгө каршы багытталбаганын" айтып, Кытайды Орусиянын негизги экономикалык өнөктөшү деп атады.

Словакия: Кол салуу болгон премьердин өмүрүнө коркунуч жок экени маалымдалды

Премьер-министр Роберт Фицонун абалы турукташканын, анын өмүрүнө коркунуч жок экенин өлкөнүн вице-премьер министри Томаш Тараба билдирди. Би-би-сиге курган маегинде Тараба операция жакшы өткөнүн кабарлап, ал аман калат деген ишеничин билдирди. 59 жаштагы өкмөт башчынын жарааты олуттуу экени, ал «өмүрү үчүн күрөшүп жатканы» мурдараак кабарланган. Кол салууга шектүү киши ошол жерден дароо кармалган. Ички иштер министри Матуш Шутай-Эшток окуяны "саясий себеби бар адам өлтүрүү аракети" деп атаган. Окуя 15-майда өлкөнүн борбордук бөлүгүндө жайгашкан Гандлова шаарында болгон. Фицо көчөгө чыгып, жол боюнда турган адамдар менен учурашканы барганда ок атылган.

Казакстан: Конституциялык сот мектептеги хижаб маселесин кароодон баш тартты

Конституциялык сот окуучу кыздардын мектепке хижаб кийүүсү мыйзамсыз деп таанылган буйрукка каршы арыз боюнча өтүнүчтү кабыл алып кароодон баш тартты. Хижаб кийген кыздарын сабакка киргизбей жатышканын айткан ата-энелер Караганды облусунун адистештирилген административдик сотуна кайрылышкан. Алар Билим берүү министрлигинин «Милдеттүү мектеп формасы боюнча талаптарды бекитүү жөнүндө» буйругунун 13-пунктун Конституцияга каршы келет деп таанууну өтүнүшкөн. Бул пунктта «Мектеп формасына ар кандай конфессиялардын кийиминин элементтерин аралаштырууга жол берилбейт» деп жазылган. Караганды соту Конституциялык сотко кайрылган.

"Азаттыктын" бул жана башка жаңылыктарын Telegram жана WhatsApp платформаларынан да окуп туруңуз.

XS
SM
MD
LG