Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:02

Кыргызстандык окуучулар Борбор Азия олимпиадасында 10 медалга ээ болду


CABO 2024 олимпиадасына катышуу учуру. 2024-ж
CABO 2024 олимпиадасына катышуу учуру. 2024-ж

Кыргызстандык окуучулар биология боюнча Борбор Азия (CABO 2024) олимпиадасында бир алтын, үч күмүш жана алты коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

  • Алтын медалды– Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы лицейдин окуучусу Улукбек Русланбеков.
  • Күмүш медалды – Караколдогу К.Карасаев атындагы лицейдин окуучусу Нурсултан Увалиев, Таластагы "Манас-Ата" лицейинин окуучусу Байзак Карыпжанов, Жалал-Абаддагы Курманбек баатыр атындагы лицейдин окуучусу Умар Эргешов.
  • Коло медалды – Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы лицейдин окуучусу Өмүрбек Русланбеков, Бишкек шаарындагы American-European мектебинин окуучулары Нурбол Акматалиев, Дастан Исаев жана Ирина Разводовская, Жайыл Баатыр атындагы жалпы билим берүү лицейинен Арсений Виноградов жана Элхан Акимов.


11-12-майда Казакстандын Алматы шаарында өткөн олимпиадага Борбор Азиядан 78, анын ичинен Кыргызстандан 27 окуучу катышкан.

Жаңы форматтагы олимпиада эки этап менен өткөн. Анда башка эл аралык сынактардагыдай тесттик суроолор берилген эмес. Окуучуларга аналитикалык тапшырмалар берилген. Экинчи турда компьютердик программаларды колдонуу менен биоинформатика боюнча тапшырмаларды аткарышкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG