Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы (ЖАК) Кемпир-Абад иши боюнча шек саналып жаткан Айбек Бузурманкуловдун тергөө абагында сабалганы тууралуу айткандарына жооп берди. Аталган мекеменин "Азаттыкка" билдиришинче, Бузурманкулов 15-майда сот отурумуна катышуудан баш тартып, кайтаруу жана коштоо көзөмөл кызматкерине кол көтөргөн.
"Жазаларды аткаруу кызматынын №21 мекемесинен 2024-жылдын 15-майында болжол менен саат 10:00 чамасында, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун талабына ылайык айыпталуучу А.Бузурманкуловду сот отурумуна чыгаруу учурунда, чыгуудан кескин түрдө эч себепсиз баш тарткан. Аны менен кошо өзүнүн мыйзамсыз кыймыл-аракеттери менен нааразылыгын көрсөтүп, мекеменин кайтаруу жана коштоо көзөмөл кызматкерин эч себепсиз оң көз тушуна уруп жиберген", - деп жазылган аталган кызматтын маалыматында.
Бул факт маалыма журналына (МЭЖ) катталып, учурда тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлүп жатканы белгиленген.
Таластын мурдагы губернатору, Кемпир-Абад иши боюнча шек саналып жаткан Айбек Бузурманкулов тергөө абагында сабалганын 15-майда Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна алынып келген учурда айтып чыккан. Ал Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборуна арыз жазылганын кошумчалаган. Бузурманкулов "ичиндеги Кемпир-Абад, ачык сот деген жазуу үчүн жерге жаткырып, кабыргасына урушканын" билдирген.
“Кемпирабадчылар” буга чейин да тергөө абагында кыйноого кабылганын айтып, арызданышкан. Жаза аткаруу кызматы алардын баарын четке кагып келет.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен тогуз киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.
Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан.
Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар аны ачык өткөрүү талабын коюп келишет. (КЕ)