Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:46

Арменияда өкмөткө каршы акция уланууда


Ереван. 2024-жылдын 14-майы.
Ереван. 2024-жылдын 14-майы.

Арменияда өкмөттүн отставкасын талап кылган акциялар уланууда. «Азаттыктын» армян кызматынын 14-майдагы маалыматына караганда, саат эртең мененки 10го карата полиция митингдин 38 катышуучусун «күч органдарынын мыйзамдуу талаптарына баш ийген жок» деген негизде кармап кетти.

Демонстранттар борбор калаа Еревандын айрым борбордук көчөлөрүн кыдырып, жөө жүрүш уюштуруп жатышат.

Кечээки акцияда 171 киши кармалган. Алардын баары кечинде коё берилген.

Арменияда премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетүүсүн талап кылган акция 9-майда башталган. Аны Армян Апостол чиркөөсүнүн Тавуш епархиясынын башчысы, архиепископ Баграт Галстанян баштап, элди өкмөткө баш ийбөөгө чакырган. Миңдеген кишини чогулткан митингде Пашиняндын өкмөтү коңшу Азербайжан менен чек арадагы талаштуу төрт айылды азери тарапка эч кандай кепилдик албастан өткөрүп берип койгону айтылган.

Армян Тышкы иштер министрлиги Ереван жана Баку Армениянын Тавуш облусу жана Азербайжандын түндүк-батышындагы Газах району ортосундагы төрт айылдын аймактык тиешелүүлүгү боюнча баштапкы макулдашууга жетишкенин расмий маалымдаган. 1990-жылдардын башынан бери бул айылдар Армениянын көзөмөлүндө болчу, эми алар Азербайжан тарапка өтүүдө.

Пашинян өзү өлкөдөгү соңку окуялар боюнча комментарий бере элек. Бирок ал чек ара боюнча мындай келишим коңшу Азербайжандын аскердик агрессиясына жол бербөө үчүн зарыл экенин мурдараак айткан болчу.

Парламенттеги башкаруучу фракциянын катчысы Артур Оганесян азыркы акцияларды «мыйзамсыз жол менен мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети» деп атаган жана бийлик андайга жол бербей турганын билдирген.

Талдоочулар азыркы митингдер Пашинян Орусия жетектеген Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан (ЖККУ) чыгып жатканын айткандан кийин башталганына көңүл бурууда.

30-апрелде армян парламентиндеги отурумда өкмөттү колдогон депутаттар Пашиняндын отставкасын талап кылган жана элди нааразылыкка үгүттөп жүргөн 52 жаштагы архиепископ Галстанянды "орусиялык тыңчы" деп атап, аны Азербайжан менен "мамиленин кайрадан козутууда" деп айыпташкан.

Армениянын өкмөт башчысы Азербайжан Тоолуу Карабакты көзөмөлүнө алган жана эки өлкө ортосунда чек ара сүйлөшүүлөрү оңой эмес болуп жаткан чакта ЖККУга таяна албай койгонун бир нече жолу айткан. Москва, өз кезегинде, Арменияны батышчыл позициясы үчүн айыптады.

Азербайжан былтыр сентябрда эки өлкө көптөн бери талашып келген Тоолуу Карабак аймагын өз карамагына толук алгандан кийин ортодогу атышуу дээрлик токтогон. Бул аймакта жашаган 100 миңдей армян улутундагы киши үй-жайын таштап чыгып кетүүгө мажбур болгон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG