Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:13

Ош мэриясы аарылар жапырт кырылганын четке какты


Иллюстрация
Иллюстрация

Ош шаарынын мэриясы калаада аарылар жапырт кырылып жатканы тууралуу маалыматты четке какты. Мунун алдында шаарда аарылар химиялык ууланууга дуушар болуп, өлүп жатканы тууралуу видеолор интернетке тараган.

14-майда жарыяланган расмий кабарга ылайык, Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык –эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору видеокайрылуу жасаган жарандын маалыматтарын угуп, изилдөө жүргүздү. Анын жыйынтыгында белгилүү болгондой, жергиликтүү багбан бир жума мурун короосундагы бак-дарактарды дарылаган. Андан кийин бал челектердеги аарыларынын 90% кырылып калган.

Бул көрүнүш жалпы Ош шаарынын аймагына мүнөздүү эместиги айтылат маалыматта.

Санэпидкөзөмөл кызматы бак-дарактар дарыланган көчөдөгү суунун жана топурактын үлгүсүн токсикологиялык лабораториялык текшерүүдөн өткөрдү. Адистер бул окуянын жашоочулардын саламаттыгына коркунучу жок деген бүтүмгө келишти. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG