Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:41

Мэрия кызматкерлеринин автоунаа айдоосун эки күн чектейт


Экологиялык абалды жакшыртуу, коомдук транспорттун ишинин сапатына мониторинг жана талдоо жүргүзүү максатында Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлерине жеке жана кызматтык автоунаасын пайдаланууга чектөө киргизилет. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 13-майда кабарлады. Чектөөгө ылайык, аптанын шейшемби жана бейшемби күндөрү муниципалдык кызматкерлер коомдук транспортту колдонууга милдеттүү. Бул эки күн автоунаа кыймылы эң көп болгон күндөр деп саналат.

"Бул күндөрдө жеке жана кызматтык автоунааларды колдонууга чектөө киргизүү жолдогу тыгындарды азайтып, жол кыймылынын бардык катышуучулары үчүн тыгын убактысын кыскартат. Ошондой эле коомдук транспортко болгон суроо-талапты жогорулатат. Бул өз кезегинде, транспорттук тутумдун өнүгүшүнө өбөлгө болот жана атмосферага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтат", - деп жазылган мэриянын маалыматында.

Мэрия өз кызматкерлеринин коомдук транспортто жүргөнү башка жарандарга жана уюмдарга үлгү болот деп үмүттөнөт.

Бишкекке газ менен жүрүүчү жаңы автобустар каттамга чыгарылган. Шаар бийлиги алардын санын утур-утур көбөйтүп, кичи автобустардын баарын автобустарга алмаштырууну көздөп жатат.

Бүгүнкү күнү шаарда каттамга күн сайын 616 автобус жана 115 троллейбус чыгып жатат.

Буга чейин муниципалдык автотранспортторго талондорду жана электрондук акы төлөөчү терминалдарды киргизүү менен күн сайын төлөнгөн жол киренин суммасы эселеп өскөнүн, күн сайын 6-7 млн сом жол кире чогуларын мэр Айбек Жунушалиев билдирген.

Жаңы автобустар күн алыс жол кырсыгына кабылган окуялардын фото-видеолору социалдык тармактарда жарыяланууда. Бишкек мэриясынын маалыматына караганда, жарым жылда коомдук транспорттун катышуусунда 80 жол кырсыгы катталган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG