Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:37

Мэр Ататүрк паркынын жерин кайтаруу боюнча чара көрүүнү тапшырды


Ататүрк паркындагы курулуштар. Бишкек.
Ататүрк паркындагы курулуштар. Бишкек.

Бүгүн, 13-майда Бишкек шаарынын мэриясында Ататүрк сейил багынын мыйзамсыз берилген жерлерин кайтаруу, анда жайгашкан объектилердин маселеси боюнча мекемелер аралык жыйын өттү. Ага калаа башчысы Айбек Жунушалиев, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев жана тиешелүү кызматтардын жетекчилери катышканын мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, жыйында Жунушалиев тиешелүү кызматтардын жетекчилерине сот органдарына доо арыз менен кайрылууну, парктын жер участокторун кайтаруу боюнча 2024-жылдын 20-майына пландалган иштерди даярдоо чараларын көрүүнү тапшырды.

Апрелдин ортосунда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев калаанын мамлекеттик администрациясынын “"СССРдин 50 жылдыгы" сейил багынын аймактарын сейил бактардын жана эс алуу зоналарынын шаардык бирикмесине утурумдук күтүү жана көрктөндүрүү үчүн пайдаланууга берүү жөнүндө” 1992-жыл, 25-июндагы № 225 токтому менен бекитилген, Мустафа Кемал Ататүрк атындагы аянты 107 гектарды түзгөн сейил бактын чек араларын бекитүү боюнча токтомго кол койгон.

Жаңы токтомго ылайык, мурда курулушка бөлүнгөн 43 гектар жер паркка кайтарылышы керек. Мэрия парктын аймагында мыйзамсыз курулган кыймылсыз мүлктү тазалоо маселесинде муниципалитет Кыргызстандын колдонуудагы мыйзамдарынын чегинде гана иш алып барарын билдирип, андагы үй ээлерине 30 күн убакыт берилген.

Калаа жетекчиси Айбек Жунушалиев 16-апрелде Ататүрк паркынан жеке жактарга жер берүү боюнча мэриянын буга чейинки 124 токтому жокко чыгарылганын билдирген. Ушул тапта сейил бакта мыйзамсыз курулган 198 объект бар деп эсептелген.

Ушундан кийин аталган парктагы үйлөрдүн жана жер тилкелердин ээлери Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошкон. Алар кезинде аталган эс алуу багындагы тилкени мыйзамдуу сатып алганын айтышып, эгер үйлөр бузулса, анда алардын менчик укугу бузуларын айтып чыгышкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG